Акыркы макалалар

Коррупция менен кантип күрөшүү керек?

Коррупция менен кантип күрөшүү керек?

Эксперттердин эскертүүсүндө, эгерде салмакты жана габаритти текшерүүчү пункттардагы адам факторлору жокко чыгарылбаса, чек аралардагы коррупциянын тамыры тереңдегенден тереңдей берет…

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү биздин атамекендик ишкерлердин шарттарын эле эмес, чет өлкөлүк ишкерлердин, анын ичинде кытай ишкерлеринин да шарттарын карап чыгууга аргасыз кылууда. Муну мыйзам ченемдүүлүк катары кабыл алсак болот. Анткени, Кыргызстанга оор жүк ташыган авто унаалар дал ушул Кытай тараптан келип жатпайбы. Бүгүнкү күндө кытайлык Xowo оор жүк ташуучу авто унаалары өлкө ичинде көмүр кендеринде, курулуш компанияларында оор жүктөрдү ташып иш жүргүзүп келишет.

Өлкөдөгү белгилүү эксперт, КРСУнун «Улуттук экономика жана аймактык өнүгүү» кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюповдун айтымында, жаңы тарифтерден улам транспорт тармагындагы бул бизнестин субъектилери эми салмак жана габаритти текшерүүчү пункттардан кыйгап өтүүнүн амалдарын издеше башташы ыктымал. Мындай кадамга алар мамлекеттик милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу үчүн барышат. Ал үчүн алар салмакты азайтып, ташылып бараткан жүктүн бааларын төмөндөтүшүп, натыйжада өлкө бюджетине тиешелүү акчаларды төлөбөй коюунун жолдорун издешет. Ошол эле мезгилде жолдорду талкалап, бузуу менен жемкор аткаминерлердин капчыктарын гана кампайтышат.

-- Бажы бекеттеринде салмакты жана габаритти текшерүүчү пункттарда адам факторлору өкүм сүрүп турганда, коррупция өнүгө берет. Ага жол бербей коюу өтө кыйынга турат, себеби, бул өзүнчө системага айланып калды, - дейт эксперт. Аталган көйгөйлөрдү чечүүнүн бир гана жолу бар – бул текшерүүнүн заманбап автоматташтырылган системасын киргизүү.

Өкмөт тармактагы бул мышык ыйлаарлык абалды оңдоого үч жылдан бери аракет көрүп келет. Мисалы, «Жол жыйнамдары» долбоорунун алкагында электрондук автоматташтырылган системаны орнотуу каралууда. Эскерте кетсек, бул жылдын жайында парламентте бул боюнча мыйзам кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, 2016-жылдын сентябрынан тартып жалпы колдонуучу жолдордо (өлкөнүн эл аралык негизги коридорлорунда) жүргөн транспорт каражаттарынын айрым категорияларынан – жүк ташуучу авто унаалардан жана автобустардан жол жыйнамдары алына баштайт. Жеңил авто унаалардан мындай жол жыйнамдары алынбайт. Учурда өлчөмү каралып жаткан жол жыйнамдары алына баштаса, андан түшкөн каражат Жол фондуна түшүп, ал авто жолдорду ремонттоп, кароого жумшалат. Ал эми келечекте акчаны жаңы транспорт инфраструктураларын курууга сарптоо жагы каралууда. Адистердин эсептерине ишенсек, текшерүүнүн электрондук автоматташтырылган системасын пайдалануу менен жол жыйнамдарын киргизүү долбоору ишке ашса, бул бир канча жылдардан кийин өлкөнүн жолду кармоого жумшалып жаткан бюджеттеги акчасын эле үнөмдөбөстөн, жол тармагына кредиторлорду тартуу зарылдыгын да жокко чыгарбай койбойт.

-- Бул долбоордун идеясы эң сонун, - дейт Асылбек Нургазиевич. Долбоор сөзсүз ишке ашырылышы керек. Мындай системалар өнүккөн мамлекеттерде, анын ичинде кээ бир постсоветтик өлкөлөрдө да ийгиликтүү ишке ашырылып келүүдө.

-- Албетте, оор жүк ташуучу авто унаалар жолдордун бузулуусуна чоң терс таасирин тийгизет. Ремонттоого мамлекетте акча жок, аргасыздан кредит алып келебиз. Алынган акча кайра эле өзүбүздүн салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кайтарылат. Каржылоонун башка булактары азырынча жок. Эгерде жол жыйнамдарын жыйноонун автоматташтырылган электрондук системасы киргизилсе, бул өлкө бюджетине, жолдорубузга, өлкөбүздүн экономикасына чоң колдоо болмокчу, - деген ишенимде экономист. Мындан сырткары, мындай системанын иштөөсү адам факторунан көз каранды эмес, анткени, система жолдогу жалпы авто унаа агымдарын да, конкреттүү бир жүк ташуучу авто унааны да текшерүүгө алып, уурдалган авто унааларды издөөгө колкабыш да кыла алат. Ошондой эле транспорттук компаниялардан салыктык төлөмдөрдү камсыз кылуу менен жолдогу коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырына балта чабууга чоң жардамын берет. Бул долбоордун ишке ашуусу өтө зарыл. Ансыз бир канча жылдан кийин өлкөдө жол инфраструктурасы бузулуп, талкаланып, пайдаланууга жараксыз болуп, аларды оңдоого каржы булактарын таба албай айлабыз алты болгон абалга кептелишибиз мүмкүн.

Малика Саматова

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...