Акыркы макалалар

Ошто акысыз театр жумалыгы башталды

Ошто акысыз театр жумалыгы башталды

Бул тууралуу Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан билдиришти. Ага ылайык аталган театрдын чыгармачыл тобу 11-ноябрда Ж. Кулманбетовдун «Жаза», 12-ноябрда М. Мамазаированын «Кымгуут түшкөн бир кечте», 13-ноябрда Х. Хурсантовдун «Ата, кемпир алып берейинби?» жана 14-ноябрда И. Вырыпаевдин «Дели бийи» аттуу спектаклдерин жалпы көрүүчүлөргө акысыз ойноп беришет.

Спектаклдер ар күнү саат 16:00 башталат.

Ош улуттук драмa театры студенттер үчүн ар жылы жазгы, күзгү мезгилдерде тарбиялык мааниси чоң, студенттерди гуманизмге тарбиялаган спектаклдерди акысыз көрсөтөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...