Акыркы макалалар

Сирияга бараткан кыргызстандыктар кармалды

"РИА Новости" агенттигинин маалыматына караганда, алардын бешөө кыргызстандык экени аныкталды.

Кармалгандардын арасында Азербайжандын 14, Индонезиянын 7, Ирактын 5, Кыргызстандын 5, Ирандын 3, Тажикстан менен Ооганстандын 2ден жарандары бар. Алардын 10у аялдар, 15и балдар.

Сириянын террорчулар көзөмөлдөгөн аймагына чет элдиктерди жөнөтүү аракетин жасаган деген шек менен эки киши кармалды.

Колго түшкөндөрдүн баары тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан ары депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилди.

Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта Сирияда экстремисттер тарабында 400гө жакын кыргызстандык согушуп жүрөт.

Сентябрда Сирияда чопкутталган аскерий унаанын ичинде өзүн-өзү жардырар алдында шолоктоп ыйлаган жаш жигиттин видеосу жарыяланган болчу. Кийинчерээк ал Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 21 жаштагы тургуну Бабур Исраилов экени аныкталган.

Кыргыз жихадчылары түшүрүлгөн тасма өткөн айда да интернетке жарыяланды.

Алты мүнөттөн ашыгыраак видеодо колуна автомат кармаган, каз-катар тизилген түрдүү улуттагы ондон ашык адам Орусиянын Сириядагы аракетин кескин айыптап, коркутуп-сестентип кайрылуу жасаган. Алгач арабча айтылган кайрылууга ошол жерде тургандар өз тилинде үн кошкон. Арасында 20 жаштагы жигит кыргызча сүйлөгөн.

Бул видеону интернеттен көргөн айрым адамдар кыргызча сүйлөгөн жигитти Аскарбек Андабаевге окшоштурушкан. ​Маалыматка караганда, Андабаев 23 жашта, Баткендин Лейлек районунан болот деген кабарлар бар.

Ал ортодо расмий маалыматтар боюнча Сирияда каза тапкан кыргызстандыктардын саны 70ке чукулдады. Ошол эле кезде ар кандай шартта кайтып келгендер да жок эмес. Маселен, Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургуну Сирияда жаңжалда ок тийип, жарым өпкөсүнөн айрылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...