Акыркы макалалар

Л.Ниязбекова: "ЕАЭБ орус тилинин үстөмдүгүн күчөтө баштады"

Л.Ниязбекова: "ЕАЭБ орус тилинин үстөмдүгүн күчөтө баштады"

Бир мамлекет экинчи бир мамлекеттин билим берүү базасына, окутуу программаларына кийлигишүүгө саясий, социалдык жана моралдык дагы укугу жок. Тайсалдатпай ток этээр жерин айтсам, Бажы биримдигине киргенден бери орус тилинин, орус жарандарынын демине дем кошулуп, отко май тамызгандай эле болуп жатат. Орус тили менен кыргыз тилин эч качан карама-каршы коюу мүмкүн эмес, экөө эки чоң океан. Эгерде саясий жактан алып карай турган болсок, эрксизден орус тилинин кыргыз тилине болгон үстөмдүк аракеттерин көрүүгө болот, - дейт Ленара Ниязбекова.

Эгемендүү өлкөбүздө орус тилинин орду кандай болуусу керек, же Кыргызстандын Орусияга ыктаган саясатынын артынан, тилибиз да өзгөрүүдөбү? Бишкекте эки күндөн бери орус тилин колдоо жана аны сактап калуу боюнча регионалдык конференция өтүүдө. Конферецияга келген москвалык коноктордун айтымында Кыргызстанда орус тилинин колдонулуусу жакшы деңгээлде. Бирок орус тилдүү мектептердеги абал көп жакшы эмес. Мына ушул сыяктуу тил маселелери боюнча "Күн чекитте" “Ак санат-лингво” маданий-агартуу коомунун төрайымы Ленара Ниязбекова менен маектештик.

- Эки күндөн бери Бишкекте Москва шаарынын Мамлекеттик университетинен атайын окутуучулар келип, Кыргызстандагы орус тилинин абалы, орус тилдүү мектептердеги окутуу системасын күчөтүү боюнча конференция өткөрүп, талкуулап жатышат. Кыргызстанда бул сыяктуу талкуулардын, жыйындардын өтүүсү биз үчүн канчалык маанилүү?

- Бүгүнкү күндө Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин Орусия Кыргызстанга саясий-социалдык таасирин тийгизгиси келип жатат. Буга чейин деле “Росфонд” деген фонд иштеп келген. Анын негизги максаттарынын бири – орус тарыхын, тилин Кыргызстанга жайылтуу болгон. Анткени ар бир тил тигил же бул мамлекттин саясий кыймылдаткычы. Себеби, маалыматтын бардыгы тил аркылуу берилет. Маалымат берүү менен бирге адамдын психологиясын дагы бурууга болот. Кыргыз тили бир кылымга тете убакыт күндөлүк тиричиликтин тилине айланып, өзүнүн классикалык деңгээлине жетпей келген. Классикалык деңгээл дегенде биздин жалпы коом мамлекеттик тилде сүйлөшү керек эле. Тилекке каршы биз ал нерсеге жетпей, бүгүнкү күндө күндөлүк тиричилик деңгээлинен чыга албай жатат. Орус тилинин методикасы бүгүнкү күндө Кыргызстанда жардамга муктаж деле эмес. Анткени орус тилин окутуу боюнча Моквада толгон-токой усулдук китептер, көрсөтмөлөр, журналдар абдан көп. Ал тургай Бишкекте деле орус тилдүү мектептер ушул убакка чейин ошол жактан келген программа менен окутулуп жаткандыгы жашыруун деле эмес. Ал эми кыргыз тили, аны башка улуттарга окутуу методикасы жаңы гана телчигип келе жатат. Ошондуктан, бир мамлекет экинчи бир мамлекеттин билим берүү базасына, окутуу программаларына кийлигишүүгө саясий, социалдык жана моралдык дагы укугу жок. Тайсалдатпай ток этээр жерин айтсам, Бажы биримдигине киргенден бери орус тилинин, орус жарандарынын демине дем кошулуп, отко май тамызгандай эле болуп жатат. Орус тили менен кыргыз тилин эч качан карама-каршы коюу мүмкүн эмес, экөө эки чоң океан. Эгерде саясий жактан алып карай турган болсок, эрксизден орус тилинин кыргыз тилине болгон үстөмдүк аракеттерин көрүүгө болот.

- Бизде атайын каражат бөлүнүп мамлекеттик кызматкерлерди иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө окутуп, ушул сыяктуу аракеттерди көрүп жатабыз. Сиз айткандай ЕАЭБдин алкагына киргендигибиз тилге таасирин берип жатса, өзүбүздүн тилибизди сактап калууга кандай аракеттерди көрүшүбүз керек, мунун кандай жолдору бар?

- Кыргыз тилинин тагдыры кыргыз жаранындай. Бир кылымга тете убакытта кыргыз тили нечен жолу тоскоолдуктарга учурап, саясий куугунтуктарга алынып келген деп айтсак болот. Анткени убагында Т.Сыдыкбеков, И.Раззаков сыяктуу инсандарыбыз тил маселесин байма-бай айтып, кыргыз тили үчүн күрөшкөндүгү үчүн алар саясий куугунтуктарга учураган. Бүгүнкү күндө бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле болуп жатабыз. КРнын баш мыйзамында мамлекеттик тили – кыргыз тили деп жазылып тургандыгына карабай, орус тилин, англис тилин билишибиз керек деп эле, окутуучуларыбыз дагы, орус тилдүү жарандарыбыз дагы какшап жатат. Бул адамдын ички коркунучунан пайда болот. Анткени совет мезгилинде бир беткей орус тили менен жашап калган кыргыз жарандары орус тилинен ажырап калуудан коркушат. Ал тургай кээ бир ата-энелер, мугалимдер дагы балдарыбызды кыргыз тилдүү мектептерге берели десек, маалымат жетишсиз, окуу куралдары талапка жооп бербейт, ошондуктан, балдарын орус мектептерге берип жаткандыгын айтып жатышат. Мунун кандайдыр бир чындыгы бар, бирок, биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Тил – бул күндөлүк курсак тойгузуунун куралы эмес, тил – бул улуттук аң-сезимдин, мамлекеттүүлүктүн кепилдиги. Ошондуктан Орусия мамлекети дагы өзүнө келген эмгек мигранттарынын орус тилин, тарыхын үйрөнүүгө мажбурлап жатат. Бул жөн эле ээриккенден айтылган сөз эмес. Демек, ошол мамлекет өзүнүн кадыр-баркын билет, улуттук аң-сезиминин деңгээли бизге караганда жогору деп айтсак болот. Биз болсо дагы деле кылчактап, кулдук психологиядан чыга албай, жадакалса, өзүбүздүн тарыхыбыз менен тилибизди толук түрдө окуп бүтө элекпиз, оңой жерин орусчалап, кыйын жерин кыргызчалап сүйлөп атабыз. Ошондуктан улуттук аң-сезимибиздин канчалык экендигин кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалынан билсек болот. Орус тилинин окутуунун методикасын биринчиден орус мамлекети, экинчиден алардын интеллигенциясы көтөрүп атат. Ал эми кыргыз тилин окутууда мамлекеттик кызматкерлерди окутуу далалатын жасап, интеллигенция айрым жерлерде сүйлөмүш болуп атат. Бирок алар деле тигинин, мунун маанайын карап, ачык сүйлөшө албайт. Дегинкиси, орус тилинин кыргыз жергесинде окутулушунда, жайылтылышынын аркасында тилди бетине кармаган чоң саясат турат деп айтсак болот. Ошондой эле Кыргызстанда Орус-славян университети бар. Анын Кыргызстанда аткара турган миссиясы бар. Ал миссиянын туу чокусунда орус тили менен орус элинин тарыхы турат.

- Орусиянын Тышкы иштер министри менен КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Орусияда окуй турган студенттердин санын көбөйтүү боюнча атайын долбоор кабыл алынып, ал 2016-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет экен. Анда Орусиялык окуу жайлар бул жактан атайын күчтүү жаштарды өзүлөрү тандап кетишет деп каралган. Бул орусчул көз караштагы кадрларды даярдоого жасалган кадам деп айтсак болобу?

- Тил – бул атомдон дагы күчтүү курал десек акылдуусунган болуп калабыз. Бирок чындыгында ошондой. Кыргыз эли байыртан таланттуу эл да. Анткени биздин табиятыбыз, жаратылышыбыз ошону шарттап турат. Бүгүнкү күндө кыргыздын таланттуу кыздар, балдарын талашпаган кимдер гана жок. “Эгер кайсы бир элди баш ийдиргиң келсе, сен ошонун уул-кыздарын окут” - деген жакшы сөз бар. Ал уул-кыздарды окутуу менен биринчиден, анын акылын уурдайт, экинчиден өзүнө кадр, тагыраак айтканда өзүнө аскер, Ч.Айтматовдун сөзү менен айтканда “маңкурт” даярдайт. Биздин жаштарды окутуу менен ошол улутту багындырып алуунун бир тактикасы десек болот. Ошол эле Америкада окугандар америкалык, Англияда окугандар англиялык, Түркияда окугандар түркиялык көз карашчыл болуп кеткен. Кааласак, каалабасак да бул ачуу чындык. Бүгүнкү күндө бизге кыргызчыл уул-кыздар керек болуп жатат. Ошондуктан, улутчул десе эле фашисттик Германияны элестетүүнүн кажети жок. Ар бир улуттун балдары өзүнүн тилин, тарыхын, жерин, суусун жанына тете сүймөйүнчө, ал улуттун келечеги жок. Ошон үчүн КРнын билим берүү системасы, өкмөт, “коомдун күзгүсү, каймагыбыз” деп жүргөндөр баш болуп өзүбүздүн уул-кыздарыбыздын мекенге болгон сүйүүсүн кантип ойготобуз? Ошол жөнүндө ойлонушубуз керек. Учурда талашып-тартышып жаткан башка маселелерди биз беш колубуздай билебиз.

- Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз!

Автор: Каныкей Бозгунова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • Алмаз @ 08.11.2015 @ 00:58

    Бара -бара кыргыз тили жоголот экен да. Канчалаган тарыхы бар Улуу кыргыз тили бугунку кундо акчага алданып тилин салтын унутуп жок болот экен да. Тилин- жоготкон эл- жок болот