Акыркы макалалар

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар белгилүү медиа-долбоорлордун авторлорун акчалай сыйлык менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар белгилүү медиа-долбоорлордун авторлорун акчалай сыйлык менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата позитивдүү жарандык позициясы менен айырмаланган бир катар медиа-долбоорлордун авторлорун өлкөнүн журналистикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн акчалай сыйлык менен сыйлады.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен медиа-долбоорлордун авторлоруна 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты Президенттик Аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов тапшырды.

Фарид Ниязов Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан иш-чаранын катышуучуларын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Президенттин Аппарат жетекчиси «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет» демекчи, жалындуу, күчтүү айтылган жакшы сөз адамдарды жакшылыкка үндөйт. Ал эми жаман, чагым сөз коомдун биримдигин ыдыратат. Ошондуктан журналисттин калеми курч, бирок, калыс жана чынчыл болушу, ал эми гезит беттеринен, телеэкрандардан Мекенге болгон сүйүү, улуттук рухту ойготкон, байгер турмушту курууга чакырган сөз жаңырганы өтө маанилүү», - деген Мамлекет башчысынын куттуктоо сөздөрүнөн цитата келтирди.

Фарид Ниязов маассалык маалымат каражаттарынын коомду жана мамлекетти өнүктүрүүдөгү чоң эмгегин белгиледи. «Журналистика – бул кайдыгер эместердин кесиби. Журналистика тазарууга, жакшырууга түрткү бере турган сын-пикирсиз боло албайт. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында биздин журналистикада каршылашуу, душмандашуу орун алса, бүгүн сиздер, жаңы медиа-долбоорлордун авторлору элге жаңылыкты, жакшылыкты көрсөтө алдыңар, өлкөбүздө болуп жаткан жаркын иштер тууралуу, жөнөкөй адамдар тууралуу айтып бере алдыңар»,- деп белгиледи Фарид Ниязов.

Президенттин акчалай сыйлыгына төмөндөгү долбоорлор татыктуу болду: «Сөз дайра» («Азаттык» радиосу, автору Шайлообек Дуйшеев), «Турмуш» (АКИпресс МА), «Менин айылым» (ЭлТР), Capital.kg – экономикалык обзор (авторлору - Айсулуу Текимбаева жана Назгуль Коңурбаева), «Сармерден» (КТРК), «Жайлоо» жана «Кыштакча» (5-канал) жана «Журналистика мектеби» (автору - Азамат Тынаев).

Аземден соң анын катышуучулары жана башка журналисттер журналист Геннадий Павлюктун эстелигине гүл коюшту. Публицист, акын Шайлообек Дуйшеев Г.Павлюкка коюлган эстелик кыргызстандыктарга, журналисттерге чынчылдыгы жана чындык үчүн адамдар майып болуп, алтургай өлтүрүлгөн мезгилдер өткөндүгүн жана сөз эркиндиги сыяктуу баалуулукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууну эске салып тураарын баса белгиледи.

Маалымат жана басма сөз күнүнө карата ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан курман болгон журналисттер Айзада Абазованын, Геннадий Павлюктун жана Алишер Саиповдун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...