Акыркы макалалар

Ош облусунда көмүр казып жаткан 3 окуучуну топурак басып калып каза болду

Карасуу районунун Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылында алдын ала алынган маалыматтар боюнча 5-ноябрда саат 12:00 чамасында Ы.Исмаиловго таандык “Кайнар” көмүр кенине Папан айыл аймагынын Кожокелен айылынын тургундары көмүргө барышып, көмүр казып жатышканда, үстүндөгү топурак көчүп түшкөн. Анын кесепетинен 3 адам топурактын астында калып, каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Каза болгондор: 1993-жылы тулган Абдижалил уулу Шерибек, 2002-жылы туулган Таалай уулу Сыймык, жана 2000-жылы туулган Муратбек уулу Мухидин.

Каза болгон балдардын сөөктөрүн жергиликтүү тургундар уранды астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...