Акыркы макалалар

Профессор Аттокур Жапановдун “Кыргыз элинин каада-салты” аттуу энциклопедиясы жарык көрдү

“Китеп кыргыз элинин руханий маданиятын, философиялык көз караштарын, улуттук өзгөчөлүктөрүн аныктай турган элдик каада-салттарга арналды”,- деп билдирди бүгүн профессор Аттокур Жапанов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

“Биздин каада-салтыбыз элибиздин аң сезимине, турмушуна белгилүү мыйзам, эреже катары сиңип калган. Кыргыз башка элдерден бай маданий мурасы, өзүнө гана тиешелүү каада-салты менен айырмаланат. Улуттук каада-салттарыбыз кыргыз баласын төрөлгөндөн баштап өмүрү өткөнчө коштоп жүрөт. Ата-бабаларыбыз илгертен өзүнүн дүйнө таанымын билдирген элдик каада салттарды, ырым-жырымдарды жаратты. Бул биздин чоң өзгөчөлүгүбүз”,-деди А.Жапанов.

“Эмне үчүн каада-салт айылда сакталат дагы, шаарда сакталбайт. Бүгүнкү күндө сыртта жүргөн биздин мекендештерибиз өзүнүн каада–салтын унутуп коюп жатат. Бул абдан өкүнүчтүү. Кыргыз кайда жүрбөсүн өзүнүн каада-салты бар экендигин унутпашы керек. Каада-салтын унуткан эл жок болот. Ал эми, бул китептеги сунушталган материалдар бизге керектүү, бүгүнкү күндө актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат”,-деди автор.

Анын айтымында китеп 100 нускада басылып чыккан. Анын 50сү карылар үйүнө берилди.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...