Акыркы макалалар

Улуттук энциклопедиянын 6-7-томунун бет ачары өттү

3-ноябрда Улуттук илимдер академиясында КРнын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган Улуттук энциклопедиянын 6-7-томунун бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу УИАнын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Академик, баш редактору Ү.Асановдун сөзүнө караганда энциклопедиянын биринчи чыгарылышына даярдык 1976-жылы так ушул Улуттук илимдер академиясында башталган. Андан бери энциклопедиянын 40 томдугу чыгарылган. Презентацияланып жаткан көп тармактуу электрондук энциклопедия 14 китеп болуп, 14 багытта: математика, химия, биология, география, тарых ж.б. илимдер боюнча чыгарылды.

УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев Кыргыз Энциклопедиясынын түзүлүш тарыхын, жасалган бараандуу иштер жөнүндө айтып: “Кыргыз Улуттук Академиясы менен “Кыргыз энциклопедиясы” бири-бири менен байланыш. Бири-бирибизди колдобосок биздин жалпы руханий маданиятыбыздын, акыл-эстин, интеллекттин келечеги кесилип, чабылып калат” – деп баса белгиледи.

Китептердин бет ачарында энциклопедия чыгаруунун көйгөйлөрү жана жетишкендиктери, тармактык энциклопедия жөнүндө талкуу жүрдү.

“Тармактык энциклопедияны түзгөнүбүзгө 11 жыл өтүп кетиптир. Он бир жылдан бери канчалаган өзгөрүүлөр болду. Андан бери көптөгөн эл акындары, жазуучулары чыкты. Көптөгөн булактар келип чыгып жатат. Ошолорду кошумчалап, тармактык энциклопедияны кеңейтип чыгарсак деген сунушум бар”-деп кошумчалады УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...