Акыркы макалалар

Өлкөбүздөгү канаттуулар фабрикасы банкрот болуу алдында турат

Өлкөбүздөгү канаттуулар фабрикасы банкрот болуу алдында турат

Канаттуулар фабрикасы банкрот болуу алдында турат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ишкер Рустам Осмоналиев билдирди.

"Канаттуулар фабрикалары жабылып калса, 5 миңдей адам жумушсуз калышы толук ыктымал. Азыр ун комбинаттары кампада продукцияларын сактап, ишин убактылуу токтотууда. Биз канаттууларды карабай коё албайбыз. Себеби, аларды багыш керек. Алар дагы жандык. Казакстандын жана Россиянын рыногунда ишкердиктин бул түрү артыкчылыктуу катары эсептелинип, мамлекет тарабынан колдоого алынат. Биз дагы өкмөттөн кошумча нарк салыгынан жеңилдик берүүнү, санитардык-ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү суранабыз”,-дейт Р.Осмоналиев.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...