Акыркы макалалар

Ат-Башыда Союз мезгилинен калган машина трактор станциясы элге тейлөө көрсөтүүдө

Нарын областынын Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүндө Союз мезгилинен бери Кыргызстанда бирден-бир сакталып калган машина трактор станциясы (МТС) элге кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Ак-Жар айыл өкмөт башчысы Максат Кадыркулов билдирди.

"90 жылдары өлкө боюнча чарбалар тарап жеке менчике өтүп жатканда бул МТС бизде элге таратылбай, айыл өкмөтүнүн балансында калган. Учурда жалпы 37 техника бар анын ичинен 8и -комбайн. Аталган чарба беш айга кызмат көрсөтүп келет. Өзүбүздүн айылга кызмат көргөзүү - эки эсе арзан мисалы менчик трактордун кызмат акысы 2500 сом болсо, биздин кызмат 1500 сомду түзөт. Бирок убакыттын өтүшү менен техникалар эскирип, техникалардын иш өндүрүмдүүлүгү жылдан-жылга кыскарууда. Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттын 70 пайызы техникаларды оңдоп түзөөгө кетет, ал эми 30 пайызы жумушчулардын айлык акысына жумшалат. Учурда чарбада 20 адам жумуш менен камсыз болгон", - дейт Кадыркулов.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...