Акыркы макалалар

Жалал-Абад: чек арадагы мектептерде окуучулардын саны азаюуда

Ала-Бука районунун Таш-Арык айылындагы №45 Муратбек Тойчубеков атындагы башталгыч класстар мектебинде окуучулардын саны азайып, төмөнкү жана жогорку класстын окуучуларына сабактар бириктирилип өтүлүүдө. Бул тууралуу мектептин директору Басида Жороева “Азаттыкка” билдирди. 2007-жылы ашар жолу менен курулган мектептеги 2 класстык бөлмөдө 36 окуучу билим алууда. Ошол себептүү мектептеги окуу аралашма ыкмасында жүргүзүлүүдө. Чоң класстын окуучулары 10 чакырым алыстыктагы толук орто мектепке барып билим алышат. "Ата-энелер балдарын шаарга же жатак мектептерге которуп кетип жатат",- деди Жороева.

Район аймагында 46 мектеп болсо, алардын жетөө чек арадагы айылда орун алган. Учурда аралаш ыкмасында 3 мектепте сабактар өтүлөт. Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусу менен 200 чакырымдан ашык аралыкта чектешет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...