Акыркы макалалар

Түркияда жол кырсыгына кабылган Кыргызстандын жараны көз жумду

Түркияда жол кырсыгынан жаракат алган Арслан Асанкулов Анталиянын ооруканаларынын биринде өзүнө келе албай жатып көз жумду. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Эскерте кетсек, 24- октябрда Түркиянын Кемер шаарында Кыргызстандын беш жараны жол кырсыгына кабылып, жабыркаган. Автобус жолдон ала салып кеткен. Анын ичинде келе жаткан жүргүнчүлөрдүн 12си жабыркаган.

Алардын бешөө Кыргызстандын жарандары болгон. Алар Дастан Бектенов, Бекзат Тилек уулу, Нурбек Сүйүналиев, Арслан Асанкулов, Бекбол Бакытбек уулу аттуу адамдар. Алдына ала маалыматка ылайык, алар Кемер шаарындагы мейманканалардын биринде иштешчү. Ал эми 31-октябрда Асанкулов ооруканада көз жумган.

Учурда элчилик анын сөөгүн мекенине алып келүү маселесин карап жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...