Акыркы макалалар

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланат

Кийинки жылдан тарта Нарындагы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Сатарбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, ГЭСти оңдоого Швейцариядан алынган 19 миллион доллар өлчөмүндөгү грант жумшалат.

Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун электр керектөөсүнүн 25% камсыз кылат. Ал эми кубаттуулугу 40 МВт. Курулганына 46 жыл болгон бул станция капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болчу.

Соңку кезде ГЭСтеги жабдыктар эскиргендиктен электр өндүрүмдүүлүгү төмөндөп кеткени айтылып келген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...