Акыркы макалалар

Талибдер КМШ мамлекеттеринин чегарасын көздөй чегинип жатышат

Талибдер КМШ мамлекеттеринин чегарасын көздөй чегинип жатышат

Афган бийлиги ""Талибан" кыймылы өкмөттүк күчтөрдүн кысымы менен буга чейин өздөрү ээлеп алган Тахор провинциясындагы Даркад менен Ходжагор уездерин таштап, Тажикстандын чегарасын көздөй чегинүүдө",-деп маалымдайт.

Даркад менен Ходжагор уездери Тажикстандын Хатлон областынын Фархор району менен түздөн-түз чектешет.

Тахор профинциясынын башчысынын басма сөз катчысы Суннатулло Темур кечээ конфликт болуп жаткан аймакка кошумча күчтөр келгенин маалымдады. Бул операцияда ага чейин "Талибандар" тарабынан барымтага алынган Тахор провинциясынын жетекчиси Мухаммадясин Зиё бошотулду.

Маектештин пикиринде, кечээ күндөн тартып болгон согуштарда "Талибандын". жыйырмадан ашык жоочусу жок кылынган. Алардын арасында Тажикстан менен Өзбекстандан барган жоочулар дагы болгон.

Даркад уезди дагы деле болсо талибердин көзөмөлүндө турат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...