Акыркы макалалар

Японияда сасык тумоодон бир күндө айыктыра турган дары чыгарылды

Японияда сасык тумоодон бир күндө айыктыра турган дары чыгарылды

Япониянын фармацевтик корпорациясы сасык тумоодон (грипп) бир күндө айыктыра турган дарыны сатыкка чыгара тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу япониялык Nikkei гезити маалымдады.

Газетанын маалыматына караганда, дары клиникалык сыноодон ийгилктүү өтүп, өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү. Эксперименталдык колдонуунун экинчи этабы ноябрь айына пландалды. Анткени, ушул мезгилде сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин көбөйөт. Дарыны бир нече бейтапка берип көрүшөт.

Жаңы дарынын өзгөчөлүгү ал вирустардын көбөйүшү үчүн зарыл болгон ферменттерди алсыздандыруу жолу менен ооруну токтотот. Ошондуктан, толук айыгуу үчүн дарыны бир гана күн ичүү жетиштүү.

Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги дарынын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн тастыктагандан кийин дарыны лицензиялоо процедурасын жүргүзөт. Жыйынтыгында жаңы дары 2018-жылы сатыла баштайт.

Булак:Баракелде

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...