Акыркы макалалар

Нарын аймактык транспорт башкармалыгы:Эл ташыган транспорттор көзөмөлгө алынып турат

Нарын аймактык транспорт башкармалыгы:Эл ташыган транспорттор көзөмөлгө алынып турат

Бүгүнкү күндө областта бардык жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана маршруткалар көзөмөлгө алынып, техникалык жактан өз убагында текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Нарын аймактык транспорт башкармалыгынын башчысы Арзыгул Орозбаев "Кабар" агенттигине билдирди.

"Облустагы эл ташыган транспорттор өз убагында текшерилип, көзөмөлгө алынып турат. Жай айында автобустарга жүрүүгө уруксат алуу үчүн атайын сынак өткөргөнбүз. Анын негизинде азыр сынактан жеңип чыккан фирмалар иштеп жатышат. Мурда иштеп жүргөн фирмалардын кээ бири утулуп калып, азыр аларга иштөөгө тыюу салынды. Утулган фирмаларга иштөөгө тыюу салынгандыгы үчүн ич күйдү болуп жатышат. Мындай көрүнүштөр буга чейин деле болуп келген",-деп айтты А.Орозбаев.

Негизинен облус боюнча транспорттун абалы канааттандыраарлык. Рейске чыккан автобустар жана кассалар күнүнө текшерилип турат. Эгерде кандайдыр бир каталар кетирилсе атайын айып салынат,-деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, бүгүн Нарын облустук транспорт инспекциясы тарабынан жүргүнчү ташыган автобус жана маршруттук унаалар техникалык жактан көзөмөлгө алынбай, алардын жүрүү графиги сакталбай келет деген маалымат чыккан.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...