Акыркы макалалар

Өкүл Аманбай Кайыпов көчө базарларын жоюу тапшырмасын берди

Нарын шаарынын борбордук базарларынан орун алган Сагынбай Орозбак уулу атындагы көчөнүн бөлүгү толук кайрадан оңдоодон өткөрүлдү. Бирок көчө жээгин ээлеген баш аламан сатуучулар тартипке келтирилген жок.

- Негизи сыртка олтуруп эч ким соода кылбашы керек,-деп собол салды өкүл Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын жетекчилиги менен болгон жыйын учурунда.

-Эми жакында Шуллер көчөсүн асфальттоо башталат. Ошондон кийин жашылча жемиш саткандарды 3 базардын бирине киргизебиз. Биз аларга каалаган базардан саткыла деп жатабыз. Бирок, айрым сатуучулар тоскоолдук кылышууда,-деп жооп кайтарды шаар жетекчиси Ырахат Адиев.

-Бизди коркутпай эле коюшсун. Алардан корко тургандай эч нерсебиз деле жок. Тартипке келтиргиле,-деп кошумчалады өкүл.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...