Акыркы макалалар

34 ЖАШТАГЫ ЖАРАН 15 ЖЫЛДАН СОҢ ОКУУСУН УЛАНТУУНУ ЧЕЧТИ

34 ЖАШТАГЫ ЖАРАН 15 ЖЫЛДАН СОҢ ОКУУСУН УЛАНТУУНУ ЧЕЧТИ

Мындан 15 жыл мурун окуусун таштап койгон Бакытбек Авазбеков ЖАМУнун юридика факультетинин күндүзгү бөлүмүндө окуусун кайрадан улантып жатат. Мындай маалыматты аталган окуу жайдын кадрлар бөлүмүнүн студенттер боюнча жетектөөчү адиси Кундузай Салиева билдирди.

Берилген маалыматка ылайык жогоруда аталган көрүнүш окуу жайдын тарыхында алгачкы жолу катталууда. Көбүнэсе жашы улгайган адамдар, тагыраагы 25 жаштан жогорку жарандар сырткы окуу бөлүмүндө гана окушат.

Б.Авазбеков окуусун кайра улантуусуна жашоонун түрдүү кыйынчылыктары себеп болгонун айтты.

“Мындан 15 жыл мурун экономика адистиги боюнча 3-курста окуумду таштап, бизнес кылуу максатында чет мамлекетке чыгып кеткенмин. Андан бери убакыттын өтүшү менен толук билимим жоктугунан улам көп кыйынчылыктарды көрдүм. Ошондуктан жашоодо кайра кыйналбоо үчүн окуумду күндүзгү бөлүмдө улантууну чечтим. Жаштар менен окуумду баштаганымдын алгачкы күндөрү бир аз ыңгайсыздыктар пайда болду. Бирок азыр алар менен теңтайлашаа окуу кызыктуу болууда”,-дейт Б.Авазбеков.

К.Салиева белгилеп кеткендей улуу адамдын жаштар менен окуусу жаштардын окуусуна о таасирин берүүдө.

“Б. Авазбековдун кайрадан окуусун улантып жатканы көпчүлүк студенттерге да таасирин тийгизди. Анткени студенттердин окууга болгон кызыгуулары арткандыгы алардын аракеттеринен байкалууда”,-дейт К. Салиева.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Түп нускага шилтеме : aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...