Акыркы макалалар

"Алай" командасы мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

Ош шаарынын "Алай" футболдук командасы 25-октябрь күнү А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Нарындын "Ала-Тоо" командасы менен беттешти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Оюндун 1-бөлүгүндө "Алай" командасынын оюнчусу Ильяз Алимов 2 гол киргизип, оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Экинчи бөлүгүндө Нарын шаарынын "Ала-Тоо" командасынын оюнчулары 2 гол киргизип, эсепти теңешсе, Алия Силла "Ала-Тоо" командасынын дарбазасына чечүүчү топту киргизди. Оюн 3:2 эсебинде жыйынтыкталып, Оштун "Алай" командасы жеңишке жетишти.

Беттешке Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана футбол күйөрмандары катышышты.

"Биздин оюнчулар абдан татыктуу мыкты оюн көрсөтүштү. Шаардыктар үчүн бул жеңиш чоң белек. "Алай" футболдук командасы Кыргыз республикасынын чемпиондугун татыктуу утуп алышты",-деди Кадырбаев.

"Алай" командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Власичев бул жеңиш оюнчулардан калаа күнүнө карата шаардыктарга болгон белек деп билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...