Акыркы макалалар

Нарын.Түрмө салынбай токтоп турат

Нарын шаарында өмүр бою түрмөгө кесилгендерге салынып жаткан түрмө салынбай токтоп калды. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Калмурат Байтолоев айрым маалымат агенттиктерге билдиргени боюнча токтоп калган себеби мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөгөнү жана жергиликтүү тургундардын каршы болушу менен түшүндүрүлөт. Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндө жайгашкан «Кожвендиспансердин» имаратын абак үчүн ыңгайлаштырууга 98 млн сом талап кылынат.

Эске сала кетчү жагдай Нарын регионунун тургундары өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн Нарынга абак салууга каршы туруп келишкен. Бул маселе өткөн бийликтин убагында көтөрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...