Акыркы макалалар

Бишкек.Нарын облусунун жаңы соттору дайындалды

3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сынактык тандоодон облсоттун иштеп жаткан 3 судьясы гана өттү, бул облустук соттун штат боюнча 10 судьясынын үчтөн бирин (30%) түзөт. Мурда сот тутумунда иштебеген экөөнү кошкондо, жаңы 5 судья келди.

Сынактык тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен президент 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен 3-апрелден тартып биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөндөгүлөр дайындалышты: Абдыбеков Алдаярбек, Амиракулова Замира Тилебалдыевна, Асанбаев Нуркалый Жумабекович, Байышов Мирлан Байышович, Орозалиев Алмазбек Касыевич, Сарымсаков Усенбек Жумашович, Ташмамбетов Туратбек Торуевич, Эсенбаев Бердибек.

Экинчи жарлык менен жергиликтүү соттун 8 судьясы 3-апрелден баштап Нарын облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөндөгүлөр жиберилди: Абдыбеков Алдаярбек, Амиракулова Замира Тилебалдыевна, Асанбаев Нуркалый Жумабекович, Байышов Мирлан Байышович, Орозалиев Алмазбек Касыевич, Сарымсаков Усенбек Жумашович, Ташмамбетов Туратбек Торуевич, Эсенбаев Бердибек.

Үчүнчү жарлык менен Нарын облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында (8 судья) облустук соттун судьялык кызматынан бошотулду: Аббасов Султанбек Анварбекович, Абдыбеков Алдаярбек, Амиракулова Замира Тилебалдыевна, Байышов Мирлан Байышович, Керимкулова Айнакул Токтогуловна, Сыдыков Советбек Кемелович, Шайзындаев Арстанбек Аскарбекович, Эшалиев Анарбек Ажибекович,

Төртүнчү жарлык менен судьялык кызматка дайындалган жана Нарын облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилген иштеп жаткан жергиликтүү соттун 3 судьясы тиешелүү жергиликтүү соттун судьялык кызматынан бошотулду: Асанбаев Нуркалый Жумабекович – жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн, Сарымсаков Усенбек Жумашович – жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Кемин райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн, Эсенбаев Бердибек – жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облусунун Нарын райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...