Акыркы макалалар

Курманбек Бакиевди Роза Отунбаева өлкөдөн чыгарган

  Курманбек Бакиевди Роза Отунбаева өлкөдөн чыгарган

Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча Бакиевдерге кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, массалык адам өлтүрүүгө буйрук берген деген айып Бишкек гарнизонунун Аскер соту тарабынан тагылган. 3 жылдан бери Беларусияда баш калкалап жүргөн Бакиев, бул өлкөгө кантип чыгып кеткени тартыштык жаратып келген.

“Бүгүн Аксы окуясы, 2005-жыл. Март, 2010-жыл. Апрель революциясынын сабактары” аттуу илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө экс-президент Р.Отунбаева Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып жибергенин жана бул үчүн жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. 2010 жылы апрель окуясы башталган кезде Курманбек Бакиев айылдаштарынын, спортсмен балдардын курчоосунда Тейитте болгон. Өлкөдө жарандык согуш коркунучу пайда болуп, Бакиевдин Белорусияга чыгып кетүүсүн Н.Назарбаев, Д.Медведев жана Б.Обама сунуштаган.

Ошондой эле ал өткөн революциянын окуяларын талдоонун негизинде, көп нерселер туура кылынгандыгын айтып, «Мен президенттик башкарууга өтүш керек дегендерге каршымын, кыргыз элин башкаруу оюнчук эмес, биз азыр алга жылып бара жаткан жол менен кетишибиз керектигин айткым келет» - деди экс-президент.

Конференциянын катышуучусу Вице-премьер-министр Шамил Атаханов Отунбаеванын кылган эрдиктерин баалап, өз оюн айтты:

“Мен Абдыганы Эркебаев менен бирдикте Ош окуяларынын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын курамына киргем. Окуянын себебин иликтеген адам катары андагы президент Р.Отунбаева катаал шартта аялзатына гана тийиштүү касиет аркылуу аял болгонуна карабастан, тынчтыкты сактап кала алды. Ал эми илимий-практикалык жыйындын иши апрель революциясын иликтөөдө жаңы салымын кошот деп ишенебиз”.

Кошумчалай кетсек конференцияда Аксы 2005 жана 2010 жылдагы окуялар боюнча доклад окулуп, ыңкылаптар окумуштуулар тарабынан терең изилденбей жатканын белгилеп, илим адамдарына алардын себептерин жана жыйынтыктарын изилдөөгө чакырды.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...