Акыркы макалалар

Т.Сариев: 20 ноябрдан тартып кыргыз-казак чек араларында санитардык жана фитосанитардык көзөмөл толугу менен алынат

Премьер-министр Темир Сариев, Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында адаптациядан өтүүсүнө багытталган Пландык иш чаранын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

«Кыргызстандын бажы биримдигине кирүүсүнө каршы болгондор, эгер биз союзга кирсек баары кымбаттайт деп келишкен. Бирок, биз бүгүн андай болбогонун көрүп турабыз. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, 2015- жылдын 9 айы ичинде инфляция 6,4 пайыз деңгээлинде сакталып келди, мындан тышкары ушул жылдын сентябрь айында инфляция 1 пайызды гана түздү», - деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары, «Биз ЕАЭБдеги өнөктөш мамлекеттердин жардамы менен ветеринардык жана фитосанитардык бекеттерди жабдуу маселелерин чечип алдык жана тыгыз кызматташтыктын негизинде кыргыз-казак чек араларында санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдү алып салууга жетиштик»,-деди премьер.

«20-ноябрдан тарта ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл толугу менен алынат, жыйынтыгында айыл чарба жана мөмө жемиш продукцияларын ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинде эч тоскоолдуксуз алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга байланыштуу, КР Өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча инспекциясынан, мамлекеттин ветеринардык жана санитардык абалы тууралу жасалган иштин отчетун берүүнү талап кылам. Өкмөт дагы бул жагдай боюнча тийиштүү чараларды көрөт», - деп билдирди премьер-министр.

Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстанды ЕАЭБ алкагында адаптациялоо Планынын негизинде 99 аткарылуучу иш чара көргөзүлгөн. Анын 49 пункту аткарылып, дагы 45и аткарылуу стадиясында турат, калган 5 пунктунун аткарылыш мөөнөтү келе элек.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...