Акыркы макалалар

Бүгүн Жогорку Сотто “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызы каралат

Бул тууралуу партиянын штабынан кабарлашты. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы Ош жана Жалал-Абад облустарында добуштарды саноодо чоң айырмачылыктар болгон деп, 100дөн ашуун добуш берүү участокторунда бюллетендерди кайра саноону талап кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10 тилкеде кайра саноого барып, партиянын шектенүүсү тастыкталбаганын билдирди. Партия шек туудурган бардык тилкелерде бюллетендерди кайра саноону талап кылууда. Биринчи Май райондук соту аны канааттандырган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров 22-октябрда боло турган сот жараянынада БШКнын чечимин коргоого аларын билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...