Акыркы макалалар

Нарын.Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн акциялар уюштурулууда

Бүгүн Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы облустук лицей жатак мектебинин 30 окуучусуна кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана үрп-адаттарын тааныштыруу максатында атайын акция өттү. Акцияны Нарын шаарындагы “Турна саякат” туристик агенттиги уюштуруп, окуучуларды шаардагы тарых музейине, сүрөт искусство галареясына жана Кара-Тал-Жапырык коругуна алпарышты. Жатак мектептин окуучулары барган жерлеринен кыргыздын тарыхы, тарых барактарында калган бегилүү инсандары алардын басып өткөн жолу, кыргыз эли үчүн жазап кеткен ишердиги тууралуу маалыматтар берилип, кызыл китепке кирген теңиртоо аймагында байырлаган жаныбарлар, канаттуулар тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле Жаштар сарайында “Баатыр” көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Аталган туристик агенттиктин мындай иш чаралары ай сайын өткөрүлүп турмакчы. Буга чейин студенттер үчүн эки тур өткөрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...