Акыркы макалалар

Күч түзүмдөрү комплекстүү текшерүүдөн өтөт

КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн даярдоо Планына ылайык 2015-окуу жылы үчүн 19-октябрдан баштап КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринин аскерлер кызматы менен аскердик тартиби, ыкчам даярдыгы, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктарынын абалын комплекстүү текшерүү башталды.

Жыйынтыктоочу текшерүүнү өткөрүү максатында КР КК Генералдык штабынын жетектөөчү кызматтагы адамдарынан куралган 2 комиссия түзүлүп республиканын түштүк жана түндүк региондоруна жөнөп кетишкен.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эки комиссия тең КР КК 2015-окуу жылында пландалган иш-чаралардын аткарылышын жана сапатын; аскер бөлүктөрүнүн көжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын абалын; күжүрмөн тапшырманы аткарууда нөөмөтчү күчтөр менен каражаттардын даярдыгы жана комплектелишин; аскердик тартип менен аскерлер кызматынын күжүрмөн даярдыгынын абалын; аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалышын текшерүү жумуштарын аткарышат.

КРнын Улуттук гвардиясынын бөлүкчөлөрү өз жоопкерчилигинин чегиндеги өзгөчө маанидеги мамлекеттик баалуу объекттерди коргоо жана кайтаруусунун уюштурулушу; КР Мамлекеттик чек ара кызматынын күчтөрү менен каражаттарынын мамлекеттик чек арадагы белгиленген багыттарда тилкелерин кайтаруу жана кайтарууну күчөтүү боюнча маселелерди чечүүгө карата даярдыгы жана башкаларды текшерилишет.

Жыйынтыктоочу текшерүүнүн аягында өздүк курамдын туруктуу жайгашкан пункттарында, окуу борборлорунда жана топтоо аймактарында окутуунун негизги предметтери болгон –тактикалык, ок атуу, дене тарбиялык жана катардык даярдыктар боюнча зачеттор (контролдук сабактар) өткөрүлөт.

2015-окуу жылын комплекстүү текшерүүнү 31-октябрда аяктоо пландалган. Ал эми жыйынтыктоо боюнча ыкчам жыйын 2015-жылдын 9-ноябрынан 12-ноябрына чейин уюштурулмакчы.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...