Акыркы макалалар

Бүгүн “Арт Ордо-2015” Эл аралык фестивалы өз ишин баштайт

Бүгүн, 19-октябрда “Арт Ордо-2015” Эл аралык театралдык фестиваль өз ишин баштайт. Фестивалдын алкагында Казакстан, Тажикстан, Татарстан, Өзбекстан, Кытай Эл Республикасынан келген театр жамааттары, ошондой эле Кыргызстандын театр өнөрпоздору оюн коюшат. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлиги билдирди.

Бул иш-чаранын максаты театр өнөрү аркылуу алыс-жакын турган өлкөлөрдүн жана элдердин маданияты менен тааныштыруу болуп саналат. Театр өнөрүнө кызыккан замандаштар 19-23 октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы театрлардан барып ар кыл темадагы спектаклдарды көрө алышат.

Театралдык фестивалдын ачылышы 19-октябрда борбор шаардагы Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында болот. Ал эми фестивалдын жабылуу аземи 23-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...