Акыркы макалалар

Нарын.Шаарда гүл өстүрүү боюнча сынак жарыяланды

Мындай демилгени Жаштар ордосунун жетекчиси Бакыт Эгенбердиев Жаштар сарайында өткөн жыйында көтөрдү. Анын айтымында нарындык жаштар Жаштар сарайынын айланасына түрдүү гүлдөрдү отургузууну пландап жатышат жана бул боюнча сынак уюштурулса катышуу ниети бар. Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар өздөрүнө тиешелүү болгон короолорго жана бош аянттарга түркүн түстүү гүлдөрдү отургузсса шаардын да көркү чыгат,-дейт Б. Эгенбердиев. Жаштар тараптан сунушталган демилгени облус башчысы Канатбек Муратбеков да колдоп, дароо гүл өстүрүү боюнча мекеме-ишканалар ортосунда сынак жарыялады. Сынакка ылайык ар түрдүү гүлдөр ар кимдин фантазиясына жараша ар кандай калыпта өстүрүлөт. Гүлдөр сынагы 31-август Эгемендүүлүк күнүндө жыйынтыкталып гүлдү мыкты өстүргөндөргө баалу белектер тапшырылат.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...