Акыркы макалалар

Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча рейтингде 76-орундан 34-орунга көтөрүлдү

Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча рейтингде 76-орундан 34-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда "Кыргыз Республикасынын бюджетинин ачыктыгы: натыйжалар жана перспективалар" деген темада өткөрүлгөн маалымат жыйыны учурунда маалым болду.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча рейтингде буга чейин 100 өлкөнүн ичинен 76-орунду ээлеп келсе, эми 102 өлкөнүн ичинен 34-орунга жылган. Тактап айтканда Казакстан, Түркия, Малайзия, Венгрия, Сербия, Индия сыяктуу өлкөлөрдөн озуп кеткен. Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөр арасында Кыргызстан бюджеттин ачык-айкындыгы боюнча Россиядан жана Грузиядан кийин 3-орунду ээледи.

Бюджеттин ачыктыгынын индексин изилдөөнүн жыйынтыгы Эл аралык бюджеттик өнөктөштүк тарабынан эки жылда бир жолу жарыяланат. Бюджеттин ачыктыгынын индекси бюджеттик маалыматтын коомчулукка жетүү даражасын аныктайт.

"Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн изилдөөлөрү боюнча 2012-жылы бюджеттин ачыктыгынын индекси 20 баллды түзүп, Кыргыз Республикасы 76-орунду ээлеген болсо, 2015-жылы бюджеттин ачыктыгынын индекси 54 баллды түзүп, Кыргыз Республикасы 34-орунду ээледи. Индекстин өсүшүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 8 негизги бюджеттик документти даярдап, жарыялоодогу жигердүү иши өбөлгө болду. Ушул жерден индекс 8 негизги бюджеттик документ боюнча бааланарын айта кетүү абзел. Бюджеттин ачыктыгы эмне берет? Бюджеттин ачыктыгы Кыргыз Республикасынын жарандарына бюджеттик маалыматка жетүү, бюджет процессине жигердүү катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бюджеттин ачыктыгын жогорулатуу мамлекеттик башкаруу органдарына жарандардын ишенимин арттырууга, бюджет процессиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга өбөлгө болот. Ошондой эле бюджеттин ачыктыгынын эл аралык рейтингин жакшыртуу менен эл аралык инвесторлордун ишенимин арттырууга болот. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджет процессинин ачык-айкындык принцибин ишке ашыруу, коомчулукту кабардар кылуу жана республиканын бюджетинин ачыктыгынын индексин жогорулатуу боюнча ишти мындан ары да улантат",- деп жазылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...