Акыркы макалалар

Ат-Башы районунда көмүр тартуу 30 пайызга гана аткарылууда

12-октябрга карата Нарын облусу боюнча 26,4 миң тонна таш көмүр камдалып, белгиленген чек 59 пайызга аткарылган. Ал эми өткөн жылдын 1-октябрында көмүр тартуу облуста 76 пайызга жетип, бюджеттик мекемелер 100 пайызга камсыздалыптыр. Быйыл болсо ушул күндө бюджеттик мекемелер 75 пайыз көмүрлүү болушса, элдин 40 пайызы кара алтынды камдашкан.

Облустук өкүлчүлүктөн алынган маалымат боюнча Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорунда көмүр топтоо 68; 66 жана 64 пайызга жеткирилсе, Ат-Башы районунда көрсөткүч болгону 30 пайызды түзгөн. Ал эми Нарын шаарындагы бюджеттик мекемелерге 105 тонна көмүр тартуу болжолдонсо, 10 тонна көмүр тартылыптыр. Ошол эле учурда Нарын жылуулук ишканасы белгиленген 2531 тонна көмүр тартууну 5077 тоннага жеткирип, планды 201 пайызга аткарган.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...