Акыркы макалалар

Абактан качкандар Жаза аткаруу кызматынын үч өкүлүн өлтүрдү

Жаза аткаруу кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 11-октябрдан 12сине караган түнү Төмөнкү Нооруз аймагында жайгашкан №50 абактан 9 кылмышкер качып кеткен. Алардын кармоо маалында 3 кызматкер каза таап, бирөө жараат алды. Кылмышкерлер Жаза өтөө кызматкерлеринин үчөөнү муунтуп өлтүрүшкөн.

Окуя боюнча милицияга маалымат берилип, ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында бешөө колго түштү. Эркиндикте жүргөн төртөөнүн экөө өмүр бою эркинен ажыратылган. Алардын баары диний экстремизм, терроризм боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар. Абактан качкандардын көбү Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшуль Махди" террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү экени маалымдалууда.

Учурда тиешелүү органдар эркиндикте жүргөн төрт кылмышкерди издөө иштерин улантууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...