Акыркы макалалар

Түркияда Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

12-октябрда Түркиянын Амасья шаарында, 13-октябрда Анкарада акын Алыкул Осмоновдун түрк тилинде жарык көргөн “Мен кыргыздын акыны” («Ben şairi Kırgız’ın») аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары болот.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Амасьядагы университетте өтчү иш-чарага Түркиянын маданият жана туризм министри Ялчын Топчу, Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов, Евразия Жазуучулар бирлигинин башчысы Я.Омероглу, адабиятчылар катышат. Китеп акындын100 жылдыгына арналып чыгарылган.

Осмоновдун ырларын түрк тилине акындар Кенан Чарбога жана Ибрагим Туркхан которгон. Ал эми китепти Түрк маданиятынын эл аралык уюмундагы (ТҮРКСОЙ) Кыргызстандын өкүлү Кожогелди Кулуев түзүп, басмага даярдаган.

Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Ал 1950-жылы 35 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын ырлары кыргыз адабиятында классикага айланып, окурман, адабиятчылар арасында жогору бааланат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...