Акыркы макалалар

Саади: Каалоосу жок шакирт – канаты жок куштай

Чыгыш акыны жана ойчулу, 20 жылдан ашык дербиштин кийимин кийип алып эл аралаган атактуу «Гүлистандын» автору Саади Ширази артында мухиттен табылган берметтей нарктуу ой тизмектерин таштап кеткен. Алар адамзаты үчүн эң сонун рухий байлык болуп калды.

Адамдар таза табигаты менен гана төрөлүшөт, андан кийин гана аларды аталары иудейлер, христиандар жана отко табынгандар кылып кайра жаратышат.

Баарлашып жаткан адамдарыңды тажатып алба, алар «бүтүр» деп кыйкыра электе кебиңди жыйынтыкта.

Сырыңды досуңа да ишенбе, себеби досторуңдун башка досу бар. Сырларыңды бекем сакта, оозуңдан чыктыбы - душманыңа жеңилдиң.

Чыдамкай адам гана жумушунун аягына чыга алат, чыдамы жок кулап түшөт.

Алсыз душманыңа ырайым кылба, себеби ал күчтөнгөндө сага ырайым кылбайт.

Каалоосу жок шакирт – канаты жок куштай.

Эмгексиз окумуштуу – түшүмсүз дарак.

Досторуңдан өзүңдүн кемчиликтериң тууралуу сураба, себеби алар аны айтышпайт. Жакшысы, душмандарың сен жөнүндө эмне айтышарын сурап бил.

Дүйнөдө ушул убактылуу, жакшы атың калар артыңда.

Жакшылап ойлонуп туруп сүйлө, жерпайсыз дубал көтөрбө.

Адам оозун ачкыча анын жакшы жагы да, жаман жагы да туңгуюк.

Душманыңдын кеңешин кабыл алуу - жаңылыштык, бирок аны угуп, кайра тескерисинче кылыш үчүн угуп коюу керек.

Карылык жашоонун түркүн түстөрүн бозортуп, тикенектерин ого бетер учтуу кылат.

Алсыз колдор оор кылычты көтөрө албайт. Эрки бош адамдардан акыйкаттык күтпө.

Назик сөздөр жана боорукерлик менен пилди да ордунан козгоого болот.

Ушак айткан адам ушагы өзүн өлтүрөрүн аңдабайт.

Тишиң жок болсо нан чайнай бересиң, наның жок болсо мына ошол чындап кайгы!

Ашказандын бийлиги болбогондо, бир дагы чымчык мергенчинин торуна түшпөс, мергенчи да торун жайбас эле.

Эгерде акылман адам акылсыздардын арасмында болуп калса алардан сый күтпөй эле койгону дурус, а эгер акылсыз адам акылманды маанисиз сөздөрү менен жеңип койсо, мында таң каларлык нерсе жок, себеби таш менен алмазды тең бөлсө болот эмеспи.

Эгерде акылман тарбиясыз адамдардын арасында бир ооз кеп айта албаса, ага да таң калба: ажайып обон барабандын кулак тундурган үнүнүн алдында угулбас, а гүлдүн жытын сарымсактын жыты басып кетет.

Биргелешсе, кумурскалар да арстанды жеңе алышат.

Адамдар менен алардын акылына карап баарлаш.

Арстандар жаныбарлардын арстаны, а эшек эң төмөнкү орундагысы деп айтышат; бирок адамга кол салган арстандан көрө жүк ташыган эшек алда канча артык.

Эки адамдын эмгеги текке кетет: ким байлык жыйнап анын үзүрүн көрө албаса, ким илимге сугарылып, бирок аны турмушта колдоно албаса…

Шашылыш жасалган жумуштун өмүрү кыска.

Алсыз душман зыян келтире албайт деп ойлоо бул – учкундан жалын тутанбай дегендикке барабар.

Алинин пайдасына жумуш кылып, акысын Валиден сурабагыла, ким үчүн кызмат кылсаңар акысын ошондон сурагыла.

Назгүл Осмонова

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...