Акыркы макалалар

Нарын.Апрель ынклабынын үч жылдыгына даярдыктар көрүлүүдө

Апрель революциясынын үч жылдыгын белгилөө боюнча иш план иштелип чыгып учурда даярдыктар жүрүүдө. Алдын ала маалымдалгандай 7-апрель күнү таң эрте Нарын шаарынын “Тянь-Шань” гүл багындагы Апрель баатырларынын эстелигинде эскерүү митинги өтүп, куран окулат. Андан соң шаардагы баардык облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери ортосунда “Апрель баатырларынын” элесине арналган чуркоо боюнча мелдеш өтөт.

Алар шаардын 64 аймагынан баштап борбордук аянтка чейин куркап келишет, алдынкыларга белектер тапшырылат. Мелдеште жаш өзгөчөлүктөр эске алынып, кыз- келиндер арасында да өтмөкчү. Мындай иш чара 7-апрелге карата жыл сайын өткөрүлүп, салтка аланып калмакчы.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...