Акыркы макалалар

Турсунбеков: Коалиция түзүү боюнча партиялар менен сүйлөшүү жүрүп жатат

Турсунбеков: Коалиция түзүү боюнча партиялар менен сүйлөшүү жүрүп жатат

Бул тууралуу парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен Социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди.

- Учурда коалиция түзүү боюнча конкретүү партиялардын атын атай элекпиз. Бирок бардык партия лидерлери менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Биз ар кандай вариантта коалиция түзүүгө даярбыз, – деди Турсунбеков

Буга чейин Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүү мандаты КСДПга берилерине ишенерин билдирген. Кечээ, 9-октябрда айрым интернет сайттары жеке булактарга таянып коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү аяктаганын жазып чыккан. Анда КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен", партиялары коалиция курап, "Республика Ата-Журт" жана "Бир Бол" партиялары оппозицияда калары маалымдалган.

Алдын ала маалымат боюнча, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо алты партия 7% босогодон өтүп, сынактан утуп чыгышкан. Алар: КСДП, “Республика - Ата Журт”,“Кыргызстан”, “Өнүгүү - Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен”.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...