Акыркы макалалар

Skype'тын синхрондук котормосунда орус тили жок

Skype'тын синхрондук котормосунда орус тили жок

Skype мындан ары синхрондук котормо кызматын өзүнө кошту. Мындай кадам, дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү тилде сүйлөгөн адамдар ортосундагы тил барьерин жеңилдетүү үчүн жасалды.

Компаниянын бул сунуп жаткан жаңы сервисинин өзгөчөлүгү, сүйлөп жаткан адамдын үнүнөн таанып, ал кайсы тилде сүйлөсө, ошол тилден башка тилге которуп берет.

Ал эми мындан сырткары, тексттик билдирүүлөрдү да автоматтык түрдө которуп берүүчү кызмат да кошулган. Үндү синхрондук которгон кызматы азырынча англис, француз, немец, итальян, кытай жана испан тилдерине которууда. Бирок азырынча орус тилине түз которуу же, орус тилинен которуп берүү тууралуу эч кандай маалымат жок. Жазуу түрүндөгү котормосу 50дөн ашуун тилде кызмат көрсөтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...