Акыркы макалалар

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы жаңы муундагы Гриппол плюс вакцинасын сатып алды

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы жаңы муундагы Гриппол плюс вакцинасын сатып алды

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги калкты сасык тумоого каршы иммунизациялоо программасынын алкагында орусиялык өндүрүштөгү, сасык тумоого каршы Гриппол плюс заманбап вакцинасын сатып алды.

Маалымдалгандай, вакцина «НПО Петровакс Фарм” ЖЧУ жана мамлекеттик тендердин жеңүүчүсү “Фарватер” ЖчК дары-дармек өндүрүүчүлөрүнүн ортосундаы түзүлгөн келишим боюнча жеткирилет. Ошондой эле сасык тумоого каршы вакцина Республиканын коммерциялык рыногуна ачык сатууга түштү.

“НПО Петровакс Фарм” Кыргыз Республикасына өндүрүмүн 5 жылдан ашуун убакыттан бери экспорттоп келет. Жогорку сапатына жана тастыкталган натыйжалуулугунун арты менен компаниянын продукциялары - Полиоксидоний, Лонгидаза жана Гриппол® плюс – өлкөнүн практикалык саламаттыкты сактоосунда кеңири колдонулуп келет.

«НПО Петровакс Фарм» сегиз жылдан бери алдын ала эмдөөлөрдүн улуттук календары үчүн ири орусиялык өндүрүүчү болуп, географиялык экспансиясын активдүү кеңейтип келет. Компания ушу тапта Беларусь Республикасына, Украинага, Казакстан, Армения, Азербайжан, Өзбекстан жана Словакияга өздүк иммунобиологиялык дары-дармектерин экспорттойт. Алдыдагы пландарда европалык өлкөлөргө (Чехия, Венгрия, Польша), ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Америкага чыгуу каралган.

Гриппол плюс – орусиялык активдештирилген сасык тумоого каршы жаңы муундагы вакцина, консервантсыз, чоңдордун жана кичинекей балдардын, анын ичинде 6 айдан жогору ымыркайлардын, кош бойлуулардын, өнөкөт илдетке чалдыккандардын сасык тумоосун алдын алууга арналган. Жыл сайын БСУ сунуштарына ылайык вакцинанын курамы жаңыланып турат. Вакцина эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап ишканада чыгарылат.

«НПО Петровакс Фарм» – инновациялык фармацевтикалык дары-дармектердин жана вакциналарды иштеп чыгуучу. Ишкананын негизги багыттарынын арасында – Алдын ала эмдөөлөрдүн улуттук календары үчүн сасык тумоого жана пневмоккоктук инфекцияларга каршы вакциналарды жана иммунаоблиологиялык дары каражаттарын өндүрүү.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...