Акыркы макалалар

Турмуш-шартты кантип жакшыртабыз?

Турмуш-шартты кантип жакшыртабыз?

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы №44-б буйругун аткаруу максатында, БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан «Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнү» аталышындагы бир айлык акциясы жарыялангандыгына байланыштуу, Жалал-Абад шаардык мэриясынын демилгеси менен =тк=н аптада социалдык адилеттүүлүктүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Аталган акцияда шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелерин угушуп, аларга тиешелүү сунуштарын беришти. Бул иш-чарада коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти, шаардык «Сууканал» башкармалыгына, муниципалдык менчикти башкаруу комитетине, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине көптөгөн суроолор түштү.

-Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык акциясынын алкагында элдин турмуш шартын жакшыртууга көңүл бурулуп, атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майып балдарга, балдардын психоневрологиялык интернат үйүнө, үй-бүлөлүк балдар үйүнө, Баатыр энелерге жана башкаларга материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлдү, - дейт Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри У. Маматов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...