Акыркы макалалар

Нарында ар кайсы коктуларда өлгөн малдар көбөйүүдө

Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагында кайсы бир дарт менен өлгөн малдар көбөйүп жаткандыгы тууралуу аталган аймактагы Орто-Нура айылынын тургуну Советбек Байчериков билдирди.

-Жалпы эл айт күндү жакшылык менен майрамдашат экен. Биз болсо уруш менен белгиледик. Себеби, ар кайсы коктуларга өлгөн малдар көбөйүүдө жана көмүлгөн деле жок. 6-сентябрда ортонуралык Жаныбек дегендин бир уйу өлгөн. Ал уй кутурма менен ооругандыгы 14-сентябрда эле аныкталган. Ошондон бери эл оозунда угулгандан эле, он чакты бодо мал өлүп кетти. Ал эми бир адамга да вакцина сайды дегенди уга элекпиз,-дейт С.Байчериков.

Мындай кинеге райондун башкы мал доктуру макул эмес.

-Туура, Баш-Нура жайлоосунан бир уй шектүү өлгөн. Ал уй кутурма менен өлгөндүгү 15-сентябрда аныкталган. Кийин 5 баш бодо мал да өлгөн. Ошондон бери Чет-Нура айыл аймагына карантин киргизилип, 2360 доза вакцина алынып келип, аймактагы малдарга сайылууда. Байланыш болгон деп табылган 14 адам көзөмөлдө турат,-деп жооп кылды райондук ветеринардык жана фитоасанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Тазабек Мамыров.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...