Акыркы макалалар

Мындан ары кыргыз чиновниктеринен чыгымдар декларациясы талап кылынат

Мындан ары кыргыз чиновниктеринен чыгымдар декларациясы талап кылынат

Кыргызстандын чиновиктери мурда киреше декларациясын гана тапшырып келген болсо, эми чыгымдар декларациясын да тапшырууга мажбур болушат. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү Тилек Саякбаев шейшемби күнү брифингде билдирди.

«Учурдагы декларациялык кампания жыйынтык берген жок, чыгымдарга да байкоо жүргүзүү керек. Август айында салык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык 2015-жылдын аяк ченинен тарта мамлекеттик кызматта иштегендердин чыгымдарына байкоо жүргүзүлө баштайт. Эми, чиновник декларация тапшырып жатып, анын бүтүндөй киреше жана чыгашасы иликтенээри, эгерде кандайдыр бир келишпегендик жаралса "өзүнчө" сүйлөшүүлөр болоору эсинде болот», - деди Т. Саякбаев.

Ал айтып өткөндөй, чиновниктеринин жакын туугандарынын чыгымдарына байкоо салуу, ошондой эле мүлк башка адамга катталган фактылар кыйынчылык жаратат. Бирок, үзгүлтүксүз негиздеги байкоо жүргүзүү негизги тендецияларды ачыкка чыгарууга көмөк болот.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...