Акыркы макалалар

Ош шаарында мамлекеттик тил күнүнө карата 50 өзбек акындарынын альманахы жарык көрдү

Ошто 50 акындын калеминен жаралган «Адабият гулшаны» аттуу китептин бет ачары болду. Ырлар жыйнагында мекен, сүйүү жана улут аралык достук мамилелери камтылган. Китепти басып чыгарууга мамлекет тарабынан акча жагынан көмөк көрсөтүлгөн. Булар тууралуу альманахты чыгарууну демилгелеген акын жана журналист Даврон Насипханов билдирди.

“Бул китептин жарыкка чыгуусуна Ош МУнун өзбек филологиясы кафедрасынын башчысы Равшан Турсуновдун салымы чоң. Китепке Кыргызстандагы бардык өзбек тилинде жазган акындардын чыгармалары киргизилген. Эми кийинки чыгарыла турган китептер котормо менен чыгат”,-деди Р. Насипханов.

Ырлар жыйнагы азырынча басылмадан аз санда гана чыгарылган. Алдыда санын көбөйтүүнү көздөп жатышат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...