Акыркы макалалар

Мелис Аспеков 5 жылга эркинен ажыратылды

"Мекенчил" партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу аталган партиянын тең төрагасы Төрөхан Жунусбеков "Марал" радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 14-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Мелис Аспековдун ишин карап, аны беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, укук коргоо органдары такси айдоочусунун арызынын негизинде 20-августта Мелис Аспековду камакка алган. Ал айдоочуга жол кире бербей, тапанча такаган деп айыпталган. Аспековдун тарапкерлеринин маалыматы боюнча, такси айдоочу Мелис Аспековко каршы доо арызын кайтарып алып, тосмо азыр берген.

Ал эми 10-сентябрда Аспековдун тарапташтары аны абактан бошотуу талабы менен Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыккан.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...