Акыркы макалалар

Мурат Атбаев, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын деректири: «Мамлекетибиздин өнүгүшүнө ишеним менен салым кошолу»

Мурат Атбаев, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын деректири: «Мамлекетибиздин өнүгүшүнө ишеним менен салым кошолу»

Эгемендүүлүк майрамын утурлай облустагы саламаттыкты сактоо тармагынын абалы, жыл башынан бери жетишилген ийгиликтер, айрым көйгөйлүү маселелер боюнча суроо салып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын деректири Мурат Атбаевди маекке тарттык.

- Мурат Атбаевич, алдыда кирип келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыз күнү менен куттуктайбыз. Алгачкы эле суроо облуста кадрлардын жетишпестиги ар дайым көйгөйлүү маселе катары көтөрүлүп келет. Бул маселе көбүнчө Нарын облустук үй-бүлөлүк медициналык борборуна тиешелүү болсо керек. Сиздерде абал кандай?

- Нарын облустук бириктирилген ооруканасы 452 орунга ылайыкталган. 600гө чукул кызматкер иштейт. 62 дарыгер, 202 медайымдар эмгектенет. Калганын кенже жана чарбалык кызматкерлер түзөт. Бизде 17 клиникалык бөлүм бар. Бир бөлүмүбүз Куланак айылында жайгашкан. Көпчүлүк бөлүмдөрүбүз облустагы жападан жалгыз бөлүмдөр. Мисалы неврология, урология, кардиология, травматалогия, көз оорулар, лор. Элдин бардыгы облустук ооруканага келип дарыланышат.

Дарыгерлердин жетишпестиги көйгөйүн чечүү максатында өткөн жылдын күзүнөн баштап ушул убакка чейин биздин облустук ооруканабызга 11 дарыгер келди. Анын төрт дарыгерин чоң-чоң клиникалардан сүйлөшүп, өзүбүздүн шарттарга макулдатып которуп келдик. Мисалы республикалык травматология борборунан академик Сабырбек Жумабековдо иштеген Калдыбаев Нурлан деген жигитибиз келди. Ошондой эле республикалык хирургиялык борбордон бир тажрыйбалуу анестезиолог Жээнбек деген дарыгерди алып келдик. Улуттук госпиталдан Самат аттуу жигитти, ошондой эле бир анестезиологду алып келдик. Булар тажрыйбалуу дарыгерлер. Калгандары болсо клиникалык ординатураны бүтүшкөн жаштар келишкен. «Депозит врач» программасы айыл жеринде, райондордо дарыгер жетишпегендиктен кошумча төлөм төлөп, иш менен камсыз кылган долбоор. Биз ошонун ичинен министрлик менен сүйлөшүп, беш дарыгер алып келдик. Жергиликтүү бийлик дагы бул жаатта жакшы жардам берип, Нарын облустук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунда, анан бизде иштеген тогуз дарыгердин батир акыларына мэрия аркылуу жардамдар берилип жатат. Биз дагы оорукананын администрациясы аларды атайы чакырып келип алган соң мүмкүн болушунча жарым ставка кошуп берип, көбүрөөк иштеп тажрыйба топтошуна шарт түзүп берип жатабыз. Негизинен облус боюнча 137 кадр жетишпейт. Анын ичинен биздин облустук ооруканага 35тей дарыгер керек. Азыр 11ди алдык. Эми 15 дарыгер болсо ошондо орточо талапты жабат элек. Айрыкча жайкы эс алуу учурунда ревматолог, педиатрлар, терапевтер жетишпей, түнкү нөөмөткө күн алыс турганга мажбур болуп жатышат. Айла кеткенде Нарын медициналык колледжден алып келип коюп жатабыз. Алардын адистиги башка болсо дагы аргасыз ушундай кылуудабыз.

- Быйыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланды. Сиздер буга кандай салым кошуп жатасыздар? Материалдык-техникалык базаны чыңдоо жаатында кандай иштер жүрүүдө?

- Бул жаатта биз жарандарыбыздын ден соолугуна камкордук көрүү аркылуу улуттук экономиканы көтөрүүгө салым кошуп жатабыз деп ойлойм. Ал эми оорукананын өзүндө болсо материалдык-техникалык базабыз кичинеден оңолуп келе жатат. Былтыр наркология бөлүмүн бир млн. сомдон ашык каражатка капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Инфекция бөлүмүнүн чатырын Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондунан жардам берилип, жаңыртып жаап алдык. Андан тышкары бир топ майда ремонт иштерин жүргүзүүгө жетиштик. Төрт млн сомдун тегерегинде жаңы медициналык жабдууларды, катуу, жумшак инвентарларды алдык. Мындан тышкары чет өлкөлүк уюмдар менен алгылыктуу иштеп жатабыз. Өзгөчө кыргыз-швейцар кызматташуусунун алкагында саламаттыкты сактоону көтөрүү боюнча мамлекеттик долбоор иштеп, ошондон көп жардамдар берилди. Инфекциялык бөлүмдүн көзөмөлдөө борборун ремонттоп, алардын керектүү жабдууларын алдык. Бул долбоор былтыр башталып быйыл бүттү. Андан сырткары Ага-Хан фондусу менен тыгыз иштеп жатабыз. Булар аралыктан теле медицина менен окутуу, оорулууларга теле медицина менен кеңеш берүү жана диагностика иштерине аябай жардам берип жатат. Жакында теле медицина боюнча жабдыктарды берди. 2-3 жылга чейин интернетке кеткен чыгымдарыбызды төлөп бермей болду.

Ошондой эле неврология бөлүмү тууралуу айтпай кетпесем болбойт.Азыркы имаратын Кум-Бел кенинде турган эки имаратты бузуп келип 60-жылдары оорукана катары курган экен. Ошол эмдигиче турат. Дубалдары боорсуп кулап түшкөнү калганда кирпич менен көтөрүп эптеп кармап келе жатканбыз. Өкмөт жетекчилери бул маселеге убагында көңүл буруп, республикада бюджеттин эсебинен бирден бир оорукана салынууда. 2012-жылы ноябрь айлары менен курулушу башталды эле. Бүгүнкү күндө 90 пайыздан ашык жумуш бүттү. Курулушчулар менен вице-премьер министр Дамира Ниязалиева жолукканда 1-ноябрга тапшырабыз деп макулдашылды. Мунун бүтүшүн баарыбыз күтүп жатабыз.

- Дарыгерлер өз ишин канчалык деңгээлде жоопкерчилик менен аткарып жатат? Бул жаатта жарандардан кайрылуулар түшкөн жокпу?

- СССР учурунда дарыгерлер абдан көп болуп, жетиштүү болчу. Союз тарагандан кийин ошонун ичинен кетчүнүн баары Россияга, Казакстанга, эң айла кеткенде Бишкек шаарына кетип бүттү. Алар ар кандай себептерге байланыштуу бири жашоонун оордугуна дагы бири айлыктын аздыгына карап кетишкен. Нарында эл-жерин сүйгөн тажрыйбасы жогору такшалган адистер негизинен калды. Булардын билим деңгээли республикалык ооруканаларда иштеген тажрыйбалуу дарыгерлерден кем калышпайт. Беш кол тең эмес. Кайсы тармак болбосун кемчилиги жок жумуш болбойт. Кээ бир кызматкердин жоопкерсиздиги, кээ биринин шалаакылыгы болушу мүмкүн. Эгер дарыгерлерге болгон нааразычылыктар болсо, ошол замат тийиштүү аракеттерди жасайбыз.

- Көйгөйлүү маселе катары вице-премьер министр Дамира Ниязалиева Нарынга иш сапар менен келгенде тез жардам бөлүмү көтөрүлдү. Мындагы штаттык бирдиктер мурда чечилген эмес беле?

- Буга чейин Нарын району менен Нарын шаарынын тез жардам бөлүмү бир болчу. Бөлүнгөндөн кийин Нарын шаарында бир дарыгер, бир медайым эле калган. Алар шаарды тейлеш үчүн бир пост менен жетишпей жатышат. Мисалы бир убакта үч чакырык түшүп калса, булар биринчисине, экинчисине барып, үчүнчүсүнө жетишпей калууда. Муну Дамира Абаскановна барганда чечем деп кетти. Буюрса шаардык тез жардам бөлүмүнө дагы 3-4 штат чечилет деген ойдомун.

- Алдыда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамы келе жатат. Сиздин көз карашыңызда эгемендүүлүк бизге эмнелерди берди? Ошону менен катар майрам алдында элге кандай каалоо-тилек айтар элеңиз?

- Эгемендүүлүк өзү бул боштондук. Эгемендүүлүктүн келиши менен биздин республикада күчтүү демократия орун алды. Ар бир адам өз алдынча умтулуп, өкмөттү карап отура берген көз караштан чыкты деп ойлойм. Өзү аракет кылбаса иши алга жылбасын түшүндү. Баягы орто жерде жатып ичер, ишке көңүлү жок адамдар мындай кылып жашашка мүмкүн эмес экендигин көрдү. Эгемендүүлүк айрым адамдардын тур-мушка, жумушка, кесипке дегеле бардык нерсеге жашыруун жаткан жөн-дөмдүүлүктөрүн ой-готту. Аракет кылгандар ийги-ликтерге жетип, ошолордон кайтарым болуп, өлкөгө пайдасы тийип жатат. Ошондуктан элиме кааларым өлкөбүздө тынччылык болсун. Калк арасында ынтымак, күжүрмөндүк болсо биз өнүгөбүз.

Мына акыркы жылдары мам-лекет башчыбыз Алмазбек Атам-баевдин аракети менен эмне деген ири жумуштар болуп жатат. Жогорку Нарын каскадынын курулушу жүрүүдө. Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык жолу бүтө жаздап калды. Айыл ичиндеги жолдор асфальттанууда. Түндүк-түштүк жолу курулууда. Электр жарыгынан көз карандылыктан кутулуу үчүн Датка-Кемин чубалгылары тартылып бүтөйүн деп калды. Мына ошондуктан ар кимибиз ар жака жыра тартпай мамлекетибиздин биримдиги үчүн салым кошушубуз керек. Кыргыздын эң жаман сапаты көралбастыктан арылсак. Колубуздан келе турган жумушту сындасак. Жасалып жаткан иштен кемчилик издеп сындайбыз. Ошону ачык дагы, жабык дагы жамандап жатып калабыз. Кийинки кезде элдин демократиядан алган тескери сабактары ушу болуп калды. Ушундай жаман адаттардан арылып, ынтымагыбыз болсо жылыш болот. Эң негизгиси келечегибизге ишенип, илгери үмүт менен алдыга умтула берели. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө ишеним менен бардыгыбыз салым кошолу.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...