Акыркы макалалар

Бишкек.«ЖДИ МЕНЯ» берүүсү Кыргызстанда

Бишкек.«ЖДИ МЕНЯ» берүүсү Кыргызстанда

Биринчи орусиялык канал менен ВИD телекомпаниясынын «Жди меня» берүүсү «МИР» радиосу менен биргеликте эми Кыргызстанда иш алып баруунун алдында турат. Бүгүн Улуттук кызыл ай коомунун Нарын регионалдык өкүлчүлүгү Нарындагы ЖМКа өкүлдөрү менен жолугуп бул долбоор боюнча кыскача маалымат берди. Маалыматка ылайык Кыргызстандагы «Жди меня» марафону 2013-жылдын апрель айынын башында башталат. Биринчи канал менен мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясы Бишкек шаарынын борбордук аянты менен көчөлөрүндө иштеп, бардык каалоочулар жоголуп кеткен жакындарынын сүрөттөрү менен келип, өз окуясын айтып бергенге шарт түзөт. Учурда Кыргызстан боюнча «Жди меня» берүүсүнүн маалымат топтомунда сегиз миңдең ашык арыз катталган, эми түшкөн каттар иргелип анан издөө иштери башталат.

Кандайдыр бир себептен улам жоголуп кеткен жакыныңызды издөө үчүн 0312 66 04 24 0312 30 03 94 0 35 22 5 08 25 телефонуна кайрылып же «Жди меня» берүүсүнүн www.poisk.vid.ru расмий сайтына кирип арыз калтырсаңыз болот.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...