Акыркы макалалар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов: “Эгемендүүлүк - ул

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов: “Эгемендүүлүк - ул

Элибиздин таалай тагдырына буюрган бир келген ыйык энчи эгемендүүлүк күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов менен кеңири пикир алыштык.

- Касен Асизович, мезгилдин закымы учкул келет эмеспи. Карт тарыхтын алкагынан алганда 24 жыл көз ирмемдик убакыт. Сиз менен маектешээрде кайсы бир даанышмандын: "Эгемендүүлүк эл дөөлөтүн барктагандардын ак эмгегинен курулат»,-деп айтканын эстеп кеттим. Ооба, биз өз алдынча өнүгүүнүн бардык сыноолорун кайраттуулук, көтөрүмдүүлүк менен жеңе билдик дегендей... Сөз учугун сиздин эгемендүүлүккө карата айтылган көз карашыңыз менен уланталы.

- Ракмат, адегенде теңиртоолуктарды эге-мендүүлүктүн 24 жылдык куттуу майрамы менен куттуктап кетейин. Жашоодогу бардык жакшылыктардын башаты болгон ыйман, ынтымак-ырашкерлик, чаалыкпаган ак эмгек бакубат турмушубуздун бактысына айлансын. Жакшылык деген улуу сөз жанашып, жамандыктар адашып, түндүгүбүз бийиктей берсин.

1991-жылдын 31-августунда өз алдынча мамлекет болуп, кыйынчылыксыз туурубузга конгон эгемендик деген бул улуу күн үчүн ата- бабаларыбыз агыны катуу суу кечип, ашуусу бийик бел ашып, башын канжыгага байлаган не деген азаптарды тартышпаган эле. Мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдө ак жеринен айыпталып, дайын-дареги билинбей кетип, ушул эгемендиктин арты менен сөөктөрү табылып, «Ата бейитке» коюлган кыргыздын чыныгы мекенчил мыкты уулдарынын, 2010 жылдын 7-апрелинде адилет бийлик үчүн күлгүндөй өмүрлөрүн беришкен эр азаматтарыбыздын арбагынын алдында да биз милдеткерлигибизди эстен чыгарбайлы. Мындан улам көңүлгө мындай ой келет. Жаңы турмуш ооматы келгенде өткөн күндөрдүн баа жеткис тажрыйбасын, акылман аталарыбыздын осуяттарын унутпашыбыз керек деп ойлоймун.

Ар мезгилдин өзүнө таандык жакшылыктары менен бирге түмөндөгөн түйшүктөрү да болот эмеспи. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдук. Мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруунун айынан эки бирдей революцияны баштан өткөрдүк, орду толгус жоготуу эр жүрөк уулдарыбыздан айрылдык. Мен бир нерсени айта кетейин, эгемендүүлүктүн ошол оош-кыйыштуу жагдайлары биздин демократияга болгон аң-сезимибизди өзгөрттү, тандап алган жолубуздун тууралыгына ынандырды, заман агымына жараша жашай билгенге үйрөттү. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей баардыгы артта калып, жылдан-жылга жакшылыктар жаралып, элибиздин эртеңки жаркын келечекке болгон үмүтү артып келет.

Эгемендүүлүк бизге эмне берди? Өткөн советтик мезгилде Кыргызстан деген азгана эли бар өлкөнү билгендер саналуу гана болсо азыркы тапта ажайып кооз жаратылышы, жер алдындагы байлыктары менен аты чыккан өлкө катары эки жүздөн ашык мамлекетке эл аралык таанылууга ээ болдук. Дүйнөнүн саясий картасынан өз ордубузду таптык. ООНдо желегибиз желбиреди. Дүйнөлүк шериктештикке тең укуктуу мүчө катары кирдик. Шериктеш мамлекеттердин ичинен алгачкылардан болуп, парламенттик башкарууга өттүк.

Айтмакчы индус элинин улуу жол башчысы Махатма Ганди: "Дүйнөнү өзгөртүш үчүн ириде өзүбүз өзгөрүшүбүз керек»-деп таамай айткан экен. Чындыгында эле өлкөнү демократиянын ачык-айкын таза жолунда өнүктүрүүдө тек гана бийлик башындагылар гана эмес ар бирибиз заманбап доордун жаңы руханий асыл наркына шайкеш жашай билишибиз керек. Өткөндүн жаңылыштыгынан сабак алып, мурдагыдай куру кыялдарга алдырбай, көнүмүш көрүнүштөргө, кайдыгерликке каршы туруп, улуттук каада-салттарды тутуна билүү менен эң оболу эгемендиктин баркынын бийиктигин көкүрөккө түйүп, ар бирибиз мезгилдин агымынан артта калбай эмгектенип, татыктуу жашай билишибиз абзел.

- «Жолду издеген табат» деген накыл кепти эске салсак анда жылдан-жылга облусубуз өсүп-өнүгүүнүн жолуна түшүп, элдин жашоо турмушу жакшырып, бара жаткандыгынан кабардарбыз. Ырааттуу ташталган кадамдардан кубаттуу арым жаралат эмеспи. Куттуу майрамда укканда жүрөк сүйүнткөн жакшылыктарды угуп, маанай жаркыткан сезимдерге бөлөнгөнгө не жетсин, андай болсо ийгиликтерге кулак төшөйлү.

- Ооба, өзүңүз айткандай кубануу менен айтаар ийгиликтерибиз арбын. Алардын эң орчундуусу Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнүн кубаттуу рычагы болгон Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык жолу курулуп, келерки жылы пайдаланууга берилүүнүн алдында турат. «Элде жолу оңолгондун иши оңолот»-деген сөз бар эмеспи. Жолдун сапаттуу салынышына көңүл буруп, жеринде барып таанышып, сунуштарыбызды айтып жатабыз. Түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативалуу жолдун курулушу башталды, пайдаланууга берилгенде карым-катнаштар күчөйт, соода-сатык алака түзүлөт. Өзгөчө Жумгал Кочкор райондорунда инфраструктуралар жакшырат. 28-августта «Датка-Кемин- аба чубалгысы пайдаланууга берилүүнүн алдында турат. Өлкөдө энергетикалык көз карандылык болбойт. 2017-жылы көгүлтүр от делген газдын келиши да күтүлүүдө.

Эзелтеден ата-бабаларыбыз жакшылык болгондо жерибизге кут конду деп маңдай жарыла сүйүнүшкөн эмеспи, анынсыңарындай Жогорку Нарын каскадынын курулушунун жүрүп жаткандыгы теңиртоолуктар үчүн кут келгендей эле жакшылыктарды тартуулайт деген үмүттө турабыз. Курулуштун 3-этабында курулуш иштерин жүргүзүүгө 1337 гектар жер бөлүнүп берилмек эле. Мен учурдан пайдаланып, өздөрүнүн үлүшкө тийген жерлеринин курулуш үчүн кеткенине кайыл болуп,өз кызыкчылыктарынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон элибизге терең ыраазычылыгымды билдире кетемин. Мындай учурда Өкмөт тараптан да биз да да жер ээлерине теңдеш жер берүү, мурда өздөштүрүлбөй калган жерлерди өздөштүрүп, ирригациялык системаларды курдуруу боюнча иштер аткарылат.

Нарын жергесинин атын алыска даңазалаган Ага Хан эл аралык түйүнү аркылуу курулуп жаткан Борбордук Азия университетинин курулушу бир топ жылдардан бери создуктурулуп келди эле. Азыркы тапта курулуш кызуу темп менен жүрүп жатат. Келеркиде университетке 60 студент кабыл алынат, Төш-Булак аймагы көрктүү шаарчага айланат, турак-жайлар, диагностикалык борбор, заманбап мейманкана курулат, көптөгөн жумушчу орундары түзүлөт. Демек бул да Нарын шаарынын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот, эл аралык таанылууга жол ачат.

- Касен Асизович, уккандын кулагы сүйүнсүн, мал киндиктүү облусубузда жылдан жылга төрт түлүктүн саны көбөйүп, ырыскысын жерден издеген баба дыйкандар, өрүшү малга толгон фермелерибиздин катары арбып барат. Соңку жылдары балык, тоок өстүрүп, аарычылык менен алектенип, күнөсканасынан жайы-кышы дебей жашылчалары үзүлбөгөн мээнеткеч ишкерлерибиздин да көбөйүп баратканы кубандырат. Сөзүңүздү ушул багытта уласаңыз.

- Ооба, малдын саны көбөйүүдө. Маалыматтарга кайрылсам 141 950 баш ири мүйүздүү мал, 990 миң 650 баш кой эчки, 100 883 баш жылкы бар. Эми кеп алардын санында эмес сапатына көңүл буруп, малдардын асыл тукумдуулугун көбөйтүү, дан эгиндеринен агротехникалык эрежелерди пайдалануу менен мол түшүм алуу эң башкы максаттардан болууда. Бул багытта жер-жерлерде болуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

“Элдин куту элетте” деген жакшы сөз бар эмеспи. Сөз башында айтканымдай элибиз өз турмушун өздөрү оңдоп, жакшы жашоолору үчүн маңдай терлерин төгүп жатышат. Аарычылык менен алектенген 25 ишкердин күчү менен 13792 тонна таза бал өндүрүлүп, сатыкка чыгарылды. 21 күнөскана, 29 балык өстүрүүчү чарбалар иштеп жатат. Быйыл 20 чакан ишканалар түзүлдү.

Мал курап, жер айдайм дегендерге мамлекет тарабынан камкордуктар көрүлүп, он пайыздык үстөк менен мал чарбасына 433 миллион 953 миң сом, дыйканчылыкка 7 миллион 707 миң сом, өндүрүшкө 7 миллион 650 миң сом берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан облустун дыйкандарына жардам катары бекер берилген 2 сеялка конкурстук жол менен Жумгал районундагы «Таш- Дөбө» техникалык сервисине жана Ак-Талаа районундагы «Жакаш» үрөн чарба кооперативине тапшырылды.

Өлкө Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүккө кирди, эми алдыда малдын саламаттыгына камкордук көрүү менен азыктуулугун көтөрүү боюнча жооптуу милдеттер турат. Экологиялык жактан таза биздин азык-түлүктөрдү сыртка экспортко чыгарууда эл аралык стандарттардын талабына толугу менен жооп бериш керек. Азыркы тапта Диагностикалык борбор (мурдагы Ветеринардык лаборатория) ремонттон өткөрүлүп жатат. Борборго заманбап жабдуулар алынып келинип, бизден сыртка чыккан продукциялар анализден өткөрүлөт.

“Ким иштесе ал тиштейт, мээнеткечтердин иши илгерилеп, эринчээктердин жашоосу жарга такалат”,- эгемен замандын мына ушундай принциби элибиздин аң-сезимине сиңип, кулча иштеп, байча жашагандар көбөйүп баратат. Ар айылда тонналап картошка алып, малдарын бордоп семиртип сатып, балыгын өстүрүп, тонналаган бал алып, машинадан машина тандап минип, заманбап үй салып, ханга салам бербей өз бактысын жалаң карандай кара мээнетинен тапкандар четтен чыгат. Ылайым алардын саны арбый берсин дейли.

Былтыр кар аз түшүп, жазында күн жаабай кургакчыл болуп, түшүм аз алынып, малдан да чыгымга учурап, жылыбыз кыйла оор жана түйшүктүү болду эле. Быйыл жаанчыл болуп, эл айткандай “ташка да чөп чыгып”, экинчи чабык жыйналып атат, былтыркыдан 90 миң тонна кесек тоют ашык камдалды.

Быйыл облус боюнча 39892 гектар жер айдалып, анын ичинен 26560 гектарына дан өсүмдүктөрү, 6031 гектарга картошка 519 гектарга жашылча айдалды. Буюрса түшүмдүүлүк жогору болот деп турабыз. Жайлоолордогу мал эттүү, элибиздин маанайы да жакшы дегендей...

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүгүү программасынын алкагында Нарын облусунда 26 долбоор 2 миллиард 260 миллион 98,6 миң сомго пландаштырылып жалпы 12 долбоор 256 миллион 499,7 миң сомго өздөштүрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын алты айында 28 миллион 428,5 миң сомдук 7 долбоор ишке ашырылды.

Жакында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусу ачылды, каражаттар түшүп атат. Сентябрь айынан баштап, түшкөн долбоорлорду карап, каржылоо боюнча иштер жүзөгө ашырылат. Кочкор району менен Нарын шаарына этти иштетүүчү чакан завод курулат. Ат-Башы, Кочкор райондоруна логистикалык борборлор салынат.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурган дагы бир жакшы жаңылыгыбыз быйыл көп жылдардан бери каралбай жараксыз абалга келип калган көчөлөрдү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Нарын шаарынан беш көчө ремонттолууда. Кочкор айлынан 2,5 километри асфальтталууда. Калган райондордун көчөлөрүн ремонттоо да планга киргизилген. Ак-Талаа районундагы бетон заводу жакшы иштеп, продукцияны талаптагыдай чыгарып, камсыз кылып жатат.

Курулуш тармагында да айтаарлык ийгиликтер жаралууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында облус боюнча 1425,7 миллион сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлдү. Республикалык бюджеттен каржылануучу «Капиталдык салымдар» статьясына 32 обьект, Турция мамлекетинин гранттык каражатынын эсебинен 5 обьект киргизилип, курулуш иштери жүрүп жатат. Өнөр жай секторунда жарым жылдыкта 729,5 миллион сомдук продукция өндүрүлдү.

Албетте, мындай ийгиликтер ар бир тармактын жетекчилеринин, жалпы эмгек жаматтарынын ишке болгон жоопкерчилигинен, уюш-туруучулук иш-аракеттеринен жаралгандыгын баса белгилеп кетмекчимин. Эмесе дагы бир жолу эгемендүүлүк майрамыбыз кут болсун. Элибиздин бакубат турмушу үчүн аткара турган албан иштер али алдыда. Ал эми эч кимдин көзүн каратпаган эркиндигибиз биздин сыймыгыбыз, таянаар тообуз жана үмүт тирегибиз экендигин дагы бир жолу баса белгилеп кетейин.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...