Акыркы макалалар

Үлпөт тойго канча каражат кетет?

Эмнеден баштоо керек?

Албетте, бул суроого ар ким чөнтөгүнө, тапкан каражатына, жашоодогу социалдык абалына (колдоп коштогон тууган, достору ж.б) карап ой жүгүртөт.

Жакшынакай күз мезгилинде үйлөнүү чечимин кабыл алып, расмий түрдө баш кошуп, жакындарыбыз менен бирге жагымдуу өткөрсөк деп, тойдун чыгымынын камын көрөлү дегендерге маалымат катары үлпөт тойдун орточо каражатын эсептеп чыктык.

Эгер тойго бир тараптан гана чыгым кете турган болсо бардыгына милдеттүүсүз, эгер эки тарап көтөрө турган болсо экиге бөлүп эсептеңиздер. Ошондой эле тойдо калың, сеп маселесине токтолгон жокпуз.

Сырткы келбет (айымдыкы)

Үлпөт көйнөк – 3000 сомдон 2000 долларга чейин (андан да жогорулары бар);

Фата - 500дөн 5000ге чейин;

Бижутерия (жасалгалар) туфли - 1000сомдон өйдө;

Макияж - 15000 сомдон өйдө;

Маникюр - 500 сомдон өйдө;

Чач жасалгасы - 1500 сомдон өйдө;

Жалпы сумма: Болжол менен 20000 миў сом.

Сырткы келбет (мырзаныкы)

Костюм - 5000 сомдон өйдө;

Кєйнєк - 1000 сомдон өйдө:

Галстук - 500 сомдон өйдө:

Бут кийим -1000 сомдон өйдө;

Жалпы сумма: - 8000 сомдон єйдє.

Нике шакеги - 5 000 – 15 000 сом;

Кыздын букети + бутоньерка - 2 500 – 3 500 сом.

Ресторан

Орто эсеп менен - киши башына 1 500 сомдон, + азык-түлүк (киши башына 500 сомдон)- союлчу мал: бодо мал, жылкы – 40000 сомдон өйдө;

Ичимдик: шарап, ак жана кызыл вино, шампанское – 15 000 – 17 000 сом;

Торт, тойдун наны – 5 000 – 7 000 сом.

Автоунаа

Лимузин же ретро машина 1 сааттан 6 саатка чейин – 12 000-20 000 сом

Башка чыгымдар:

Фотограф 1 күнгө 20 000 сомдон 50 000ге чейин;

Видеограф 1 күнгө 20 000ден 60 000ге чейин;

Тамада + ди-джей 10 000сомдон 60 000ге чейин;

Ырчылар 5000ден 50000ге чейин (сом менен).

Жыйынтык

Ошентип, жогорудагы чыгымдарды эсептөө менен Бишкектеги орточо эсеп менен бир үлпөт той канча турарын (281 500 сом) болжол менен аныктадык. Бирок, албетте, сүйлөшүүлөр жүргөндө сандар өзгөрөрүн эске алыңыздар. Той кандай өтөт, канча киши чакырылат, ичимдиктер колдонулабы, анын баарын дыкаттык менен аныктап алыңыздар!

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...