Акыркы макалалар

Маркум Исманали Муратовдун жубайы элге кайрылды…

Маркум Исманали Муратовдун жубайы элге кайрылды…

Мындан 2 ай мурун кыргыз эли чыгаан, патриот уулунан ажыраган. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын 16сында «Марал» радиосунун кызматкери, мыкты журналист Исманали Муратов узакка созулган оорунун кесепетинен келбес сапарга узаган. Кесиптешибиздин бул дүйнө менен кош айтышып кеткени биз үчүн, жакындары үчүн эле күтүүсүз жаңылык болбостон, бүтүндөй кыргыз элине ары таң калыштуу, ары табышмак сыяктуу болуп кала берген. Себеби ал күндөрү анын чет өлкөдөн операция болуп келип, абалы жакшы экени көпчүлүккө угулуп калган эле. Ал тургай жолугушуп, ал-акыбалын сурагандар да абалынын жакшырганына күбө болушкан болчу. Аттиң, тагдыр экен. Шум ажал кесиптешибизди, досубузду, патриот мекендешибизди, деги эле сөз жеткис мыкты инсанды арабыздан алып кете берди. Арадан 2 ай өтсө дагы, жаны жай албаган маркум Исмандын жакындары өз учурунда алардын үй-бүлөсүнө түшкөн кайгыны тең бөлүшүп, жардамын аябаган кыргыз элине, деги эле кыргызстандыктарга ыраазычылыгын «Марал» радиосу аркылуу билдирип коюуну чечишкен.

Биз менен Исманали Муратовдун келинчеги Мехригүл Саитова баарлашып, ичиндеги күйүтү менен бөлүштү. Эң алгач Исманали мырзанын операциядан кийин баарыбызды кубантып, бирок ал кубануу сезими көпкө созулбай калганын айтып, Мехригүл Саитованын андан берки абалын сурап кайрылдык.

«Жакшы күндөр башталды деп кубанганбыз…»

- Баарыбыз, бүтүндөй кыргыз эли Исманали байке жакшы болду, айыгып калды деп кубанып жаттык эле. Күтүлбөгөн жерден бул дүйнө менен кош айтышып сизди, ата-энесин, тууган-туушкандарын, жоро-жолдошторун, кесиптештерин жана деги эле Исман мырзанын тагдырына кайдыгер карабаган адамдарды кайгыга салып кете берди. Өзүңүз жакшысызбы, өзүңүзгө келип калдыңызбы, ден соолугуңуз жакшыбы?

- Ооба, ошондой болду. Баарыбыз Исман сакайды, дартынан биротоло кутулду деп, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай атты эле. Исмандын айыгышы менен деп башын куттуктап, биздин кубанычыбызды тең бөлүшүп достору, кесиптештери, туугандарыбыз, айтор, элдин көбү келип атты. Ошондо үйүбүз толо конок, биз үчүн күндө майрам болуп атты. Оорунун баары, кыйынчылыктын баары ошо дарт менен кеткен болсун деп тиледик. Мындан ары баары жакшы болот, жакшы күндөр башталды деп кубанганбыз. Бизге жардам кылгандар ушунчалык көп болду. Эми биз дагы ошолордун катарында бололу, ар бир жардамга муктаж болгон адамдарга колубуздан келген жардамыбызды көрсөтөлү, досторубузга, жакындарыбызга, элибизге пайдабыз тийсин деп дагы көп нерсени пландап баштадык эле. Эми жумушумду калтырбайын, элимдин, досторумдун, кесиптештеримдин ишеничтерин актайын, алар мен деп баарына даяр болушту, мен ошого татыктуу болушум керек деп ордунан турган кезде, жакшы болгонуна карабай ажал алып кете берди. Биз сыздаган бойдон калып кеттик. Колубуздан эч нерсе келбей калды. Өзүмдүн ден соолугум жакшы, кудайга шүгүр. Ооруган күндөр артта калды. Болгону кулагым укпай турат. Бирок дагы эле дарыланып жатам, кудай буйруса угуп кетем деген үмүттөмүн.

Исманали Индияда операция болгонун билсеңиздер керек. Операция күнүнө жакын калганда жубайы да чакыртылган эле. Ал жакта кандай болгонун Мехригүл мындайча эскерет...

«Исман Кыргызстанга кетүүгө аябай шашылган…»

- Индиядан операция жасалып, жакшы болуп калды деп Кыргызстанга келди эле. Сиз дагы жанында чогуу болдуңуз. Баары кандай болду эле?

- Ооба, Индияга мен дагы баргам. Менин барганымдын себеби, бир документке кол коюшум керек болчу. Мен баргандан кийин кол коюп, документ иштери бүтүп, эми эртең-бүрсүгүнү операция болот деп жатканда, мурдагы тапшырган анализи эскирип калды деген негизде кайра тапшырды. Анализ тапшырылып, эми операция болсо керек деп күтүп жатсак, доктурлардын чоңдору жумуштары менен Дубайга кетип, ошо менен кудай буюруп 6-майда операция болду. Операция он алты саатка созулуп, ийгиликтүү өттү. Биз көргөнү барганда атамдын да, Исмандын да көрүнүшү жакшы эле. Ошо менен атамды эки күндөн кийин палатага которушту. Ал эми Исмандын абалы күндөн-күнгө жакшыра берди. Анан эле Исман Кыргызстанга кетүүгө аябай шашылды. Себеби сиздерди аябай сагынган эле. Доктурлар баары бир жиберишкен жок. Жакшы болсо да азырынча жатышы керек деп. Ошо менен убакыт келип, анализдери жакшы чыгып, ооруканадан чыгып кетүүгө уруксат берилди. Эки күн документтер менен жүрүп, анан Кыргызстанга кайттык.

Исман Индиядан мекенине кайтып келгенде борбор калаадагы ооруканалардын биринде көзөмөлдө болуп турган. Деги эле кыргыз доктурлары эмне деп айтышты эле, мындан эки ай мурунку окуя кандайча болгонун жубайы көзүнө жаш алуу менен эскерип, болгон окуяны башынан аягына чейин айтып бергенге аракет кылды.

«Досторубуз үй даярдап, билет да алып коюшкан эле…»

- Бул жакка келгенде да ооруканага барып турду. Кыргыз доктурлары эмне деп айтышты эле?

- Бул жакка келип да өзүбүздүн доктурларга көрүнүп турду. Улам анализ тапшырып, баары жакшы болчу. Анализдин жакшы болгонуна байланыштуу Ошко кете берейин деп доктурларга кайрылса, алар анализди Индияга жөнөтүп көрөлү дешти. Ал жактан да жакшы жооп келип, Ошко кеткени даярданып, сүйүндүк. Оштогу достору батирибизден өйдө даярдап, билет да алып коюшкан эле. Эртең Ошко кетебиз деп жаткан күнү кайненем экөөбүз бир-эки саатка сыртка чыккан элек, үйгө келсек Исман жок. Эмне болгонун түшүнбөй сурасам тиккен жеринен кан чыгып, ооруканага алып кетишти дешти. Артынан бардык, анда каны токтоп, палатага жаткырылган экен. Көрүнүшү деле жакшы болчу. Бишкектеги ооруканага баралы десем, доктур менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө ал келбей эле коюшун, ошол күндүн эртеси ошол Исман жаткан ооруканага бирөөгө операция жасаганы барып, жолугуп кетем дептир. Айткандай эле эртеси келди. Исманды көрүп, Бишкекке барыштын кереги жок деп кеткен. Ошол эле күнү түштөн кийин коридордо басып жүрсөк Исмандын башы айланып, эсин жоготту. Палатага кирип кийинчерээк дене табы көтөрүлө баштады. Ошондо доктурлар Бишкекке баргыла дешти. Кайын агам машина таап келгени кетип, мен жанында калгам. Ал тапта Исман улам-улам эсин жоготуп, өзүнө келе албай жатты. Реанимацияга алып кирип кетишти. Ошол бойдон чыккан жок.

Исмандын көзү тирүүсүндө анын жанын сактап калуу үчүн #IsmanLife акциясы башталган. Ошол учурда #IsmanLife – бул боорукер, ыйманы күчтүү, кайрымдуу адамдар менен жардамга муктаж адамдардын ортосунда чоң жана бекем курулган көпүрө болуп берген. Ал көпүрөнү куруунун үстүндө кыргызымдын мекенчил уулдары, Кыргызстандын жөнөкөй атуулдары эмес, «ДОСТУК» деген түшүнүктү бекем тутуп, ошол кезде башкаларга да үлгү болуп берген Исмандын достору да болгон. Исмандын көзү өткөндө аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга үлгүрбөй калган адамдар, алардын катарында достору да болгону өкүндүрөт. Мехригүл да бул өкүнүчтүү окуяга бир топ кайгырып жүргөнүн жашырган жок.

«Жолдошумдун сөөгүн Чүйгө эмес, Ошко коюлуусун каалагам…»

- Исман байкенин достору менен байланышып турасызбы?

- Ооба, досторунун кээ бирлери менен байланышып турабыз. Исман өткөндө да көңүл айтышып, кандай жардам керек болсо кайрылгын, сен биздин Исмандан калган аманатыбызсың дешкен. Андан бери да мени менен эле эмес, кайненемдин да ден соолугун сурап турушат. Бул нерсе үчүн ыраазычылык. Исман өткөндө анын Ошко коюлуусун кааладым эле. Себеби Исман деп күйүп-жанган досторунун көбү Ошто болчу. Окуусун деле Оштон бүтүп, жумушун да дал ошол жерден баштаган. Айтор эң бактылуу күндөрүн, эң бактылуу көз ирмемдерин Ошто өткөрдү. Ошту чындап сүйүп жашайт эле. Мен аны сезчүмүн. Ошон үчүн эмнегедир анын Ошко коюлуусун кааладым. Бирок аксакалдардын чечими менен ал ишке ашкан жок. Ошондой болсо дагы достору келгенче күтө турууну сурандым. Аларды аябай күттүм. Бирок кээ бир достору, кесиптештери жетишпей калышканы өкүндүрөт. Исман кадырлуу болгон экен, аны сыйлап достору, кесиптештери, кайын журтум, айтор баары мурдагыдай мамиледе.

Исман менен Мехригүл 2014-жылдын март айында баш кошушкан. Ал кезде болочоктогу түгөйүнүн ооруп жүргөнүн билген болчу. Исманали болочок келинчегин да дал ошол оорусунун аркасынан тапкан. Бирок Мехригүл анын дартына маани бербей, ага баш кошууга даяр экенин билдирип, үй-бүлө курулган. Көптөгөн адамдар Мехригүлдүн мындай кадамга барышына таң калышып, түрдүү суроолорду жаадырышкан. Алардын басымдуу бөлүгү ооруп жүргөн адамга турмушка чыгып эмне кыласың, тийбей эле койбойт белең деген пикирлерин айтышкан. А бирок сүйүү жана түшүнүү күчтүүлүк кылып, баарын жеңип кеткен. Буга бөтөнчө Исмандын жакындары, жоро-жолдоштору ыраазы болушуп, Мехригүлдүн күчтүү ыйманына, адамгерчиликтүү сапатына баа беришкен.

«Исмандын орду мен үчүн алмашылгыс…»

- Ооба, көпчүлүк таң калып мындай суроону беришет. Мен Исманга турмушка чыкканыма эч качан өкүнбөйм. Анын жүрөгү таза, өзгөчө, сонун инсан эле. Мен үчүн анын орду алмашылгыс. Биз аз жашасак да жашоого татыктуу, бактылуу жашадык. Биздин өзүбүздөн чыккан жаман нерсе болбоду, болгону тагдардын кыйын сыноолору бактылуу жашообузга токоолдук кылды, өлүм экөөбүздү ажыратты. Эми бул жашоодо Исмансыз канча кыйналсам да бул өтүп кетүүчү дүйнө. Кудай буйруса мени чын дүйнөдө күтүп турган Исманым менен балдарым бар. Мен үчүн акырет маанилүү. Алар менен кездешүүчү дүйнө бар жана ал түбөлүктүү ошол убакытты күтүп жашай берем. Исмандай инсан жолдошум болгонуна бактылуумун. Ал өзү өлүп кетсе да, мага көптү көрсөтүп, көп нерсени үйрөтүп кетти.

«Мен сүйүүнү сезген аялмын…»

- Жаштарга айтып кетээрим, сүйүү, сүйүү дешет. Сүйүү - бул сенин жакшынакай болуп турган кезиңде, алты саның аман, бардык жагың төп кезде сүйүп, сен алсыз болгон кезде таштап кетүү эмес. Сүйүү - бул ар дайым жаныңда бирге болуу, кайсы убакта, кандай абалда болсоң да сүйө берүү деп ойлойм. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө сени сүйүп калдым, бирок үйлөнбөйм дегенде ушунчалык таң қалып, себебин сураганымда, мен ооруйм, баш кошуп кийин кайра менсиз жалгыз калыштан коркпойсунбу деген. Мен корпойм, доктурлардын сөзү кимге кепилдик бериптир, баары кудайдан дегем. Чынында өзүм дале аны сүйгөн болчумун. Анын ички дүйнөсүн сезип, башка эч нерсеге караган эмесмин. Бирок ал да мени таштап кеткен жок. Тилегиме жеттим. Мен сүйүүнү сезген аялмын. Ал мени таштап кеткен жок! Аны өлүм алып кетти. Төрөбөс болуп, укпай калсам да сүйө берди, сүйгөн бойдон келбес сапарга узап кете берди.

Кызынын мындай кадамга барышын Мехригүлдүн ата-энеси да колдоп, батасын беришкен. Ушул кезге чейин өкүнүү сезими таптакыр болбогонун жана Исманали аларга өз баласындай болуп калганын Мехригүлдүн апасы айтат.

Эми тагдыр деген ушул экен. Ар бир адам маңдайына эмне деп жазылса ошону көрөт деп коюшат. Мехригүл мындан кийин эмне кылаары, алдыда кандай пландары бар экени көпчүлүккө кызык болсо керек.

- Алдыда менин көптөгөн пландарым бар. Аларды азыр аткара албай жатканымдын эң негизги себеби, кулагымдын укпай турушу болуп турат. Кудай буюруп кулагым кайрадан угуп кетсе пландарымды аткарганга аракет кылам. Жакшы иштерди аткарып, башкаларга пайдалуу болгум келет. Аз да болсо жолдошумдун аткарылбай калган тилектерин иш жүзүнө ашырганга болгон күчүмдү жумшайм.

Жакшы адамдар көп экенин белгилеген маркум кесиптешибиз Исманали Муратовдун үй-бүлөсү, жакындарынын атынан келинчеги Мехригүл алардын башына оор күн түшкөндөн баштап аягына чейин бирге болуп, алардын жашоосуна кайдыгер карабаган ар бир адамга терең ыраазычылык билдирди.

«Исман жан берип жатып да досторун эстеди…»

- Дос күткүнүң кудайым сүйө турган, акыретте пайдасы тие турган. Жолдошумдун акыреттик досторуна жана жалпы элибизге айтып кетээр сөздөрүм бар. Менин жолдошумдун досторуна жана элибизге канчалык ыраазычылык билдирсем да түгөнбөйт. Ошентсе да мен жолдошумдун мойнундагы милдетти аз да болсо аткара алсам кубанмакмын. Досторуна, элине айта албай кеткен канчалаган жылуу сөздөрү бар эле. Деги эле мен айтпаган же калып кеткен сөздөрү толтура. Ошентсе да мен жолдошумдун атынан, өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиргим келет. Бирок тагдыр деген ушул экен, ал арабызда жок. Чогуу келип рахмат айтууну кудайым буйрубады. Кандай болгон күндө да анын досторунун жүрөгүндө ал ар дайым жашайт деп ишенем. Достукту даңазалаган достору чыныгы дос эмне экендигин бүткүл кыргыз элибизге билдирип, аларга үлгү боло алды. Мен ага толук ишене алам. Ал тургай жан берип жатып да досторун эстеди. Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун деп айтылган сөздү далилдеп берди. Деги эле мен досторуна бакыттын туу чокусун каалап кетээр элем. Ошол эле учурда ден соолукта болууларын Аллахтан тилейм. Алар Исман үчүн канчалаган аракет кылышты. Исман алардын ар дайым жанында экенин унутушпасын. “Мен силердин досуңармын, мен силерди жакшы көрөм, мен силерди ар дайым бийик сезем, менин тагдырыма оор дарт берилсе да мен аны жеңилдей сездим. Анткени менин жанымда жандай көргөн досторум бар”, - деп аябай сыймыктанчу. Чындыгында биз канчалык кыйынчылык көрсөк да кор болбодук. Бизди колдогон досторубуз, кесиптештери, жакындарыбыз бар болушту. Биз тагдырдын сыноолору менен күрөшүп атканда бизди таштап кетишпеди, баарына ыраазычылык. Достору күндүз акцияда жүрүп, түнү убакыт таап абалыбызды сурап турушту. Ошондой эле акцияга катышкан студенттерге жана өз салымдарын кошуп бизге дем күч берген окуучуларга ыраазычылык. Аллахым сиздерден эки дүйнө жакшылыгын аябасын. Баарыңыздарга үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ишиңиздерге ийгилик. Адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөрткөн жана адамдын жашагысын келтирген сиздердей инсандар көп болсун. Бар болуңуздар!

Исманали Муратов 2012-жылы "Марал" радиосунун Оштогу өкүлчүлүктүн жетекчиси жана кабарчысы болуп эмгектенип баштаган. Муратов 3 жылдын аралыгында көптөгөн ийгиликтерге жетишип, "Маралдын" өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.

Мындан бир нече жыл мурун Исманали Муратовдун боорунда альвеококкоз дарты аныкталган. 2012-жылы Бишкек шаарында ага операция жасалып, боору кесилген. Бирок Исмандын боорундагы альвеококкоз ургаачы түрүндөгү курт болгондуктан, толугу менен боорду алмаштырууга туура келген.

Бишкекте болгон операция өз натыйжасын бербей, 2015-жылдын 6-мартында ал Индияга дарылануу үчүн кеткен.

Муратовдун чет өлкөдөгү дарылануусуна жана операциясына 80 миң АКШ доллары талап кылынган. "Исманга жашоо тартуула" акциясынын алкагында жана "Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун жардамы менен анын 60 миң доллары чогултулган.

Исманали Муратовго 7-май күнү Индиянын Дели шаарындагы "Меданта" клиникасында операция жасалып, ал 16 саатка созулган. Боорун алмаштырууда донор Муратовдун кайнатасы Турдубек Саитов болгон. Операция ийгиликтүү өтүп, мекенине кайтып келген.

Ал "Маралга" акыркы берген маалыматында, Кыргызстанга келгенине 3 жума өтпөй анын абалы кайрадан начарлай баштаган. Анализи Индияга жөнөтүлүп, "жакшы" деген жооп алган. Бул кезде Муратовдун көзү кайрадан саргайып, дене табы кескин көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда үйүндө эс учун жоготуп, оорукананын жандандыруучу бөлүмүнө жаткырылган. Ошол кезде доктурлар анын 3 сааттык өмүрү калганын кабарлаган. Айтылгандай эле кесиптешибиз ошол күнү келбес сапарга узаган. 17-июнда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп, жерге берилген.

Эскерте кетсек, Мехригүл Саитова укпайт. Мындай абалга ал 8-9 ай мурун чалдыккан. Исман тирүү кезинде жубайлар бири-бири менен кол жаңсоо же баракка жазып берүү аркылуу күн өткөрүп келишкен. Азыркы күндөрү да Мехригүл дал ошондой жол аркылуу адамдарды түшүнгөнгө аракет кылат. Укпаганы эле болбосо, тегерегиндеги адамдар менен жакшы эле сүйлөшөт. Бир гана ал өзү укпагандыктан сүйлөп жаткандагы үнүнүн дабышын теңдей албайт. Кээде акырын, кээде катуу сүйлөп жиберген учуру болот. Көп учурда сөздөр бири-бирине кошулуп кетет. Ошон үчүн угармандардан алдын ала кечирим сурап коюуну Мехригүл Саитова суранган.

Автор: Диналиана Джунушева

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...