Акыркы макалалар

Кыргыз-Америка аскерлери тажрыйба алмашты

Түштүк аймагында кыргыз-америка аскерлери өз ара тажрыйба алмашып жатышат. Алар Кыргызстанга 6 жумага келишкен.

26-март күнү алардын кезектеги машыгуусу Ошто, Сулайман-Тоодо өттү. Анткени жоокерлер үчүн көп учурда тоо-ташта жүрүүгө туура келгендиктен отуз метрлик бийиктиктен аркан менен түшүштү. Машыгууну Американын атайын багытта даярдалган жоокерлери көзөмөлгө алды. Анткени алар буга чейин, Ооганстанда кызмат кылып дасыккан. Бирок алар көбүнесе тегиздикте согушуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөндүктөн, бул жолку тоодогу машыгуу учурунда кыргыз жоокерлеринен сабак алды. Иш-чарага Ош, Жалал-Абад жана Ала-Бука чек ара тозотторунун топтолгон жалпы 30га жакын жоокер катышты. Алар негизинен алты жума аралыгында, кооптуу кырдаалдан чыгуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүштү. Жакынкы күндөрү, түнкү убакта чек араны кайтарып, кооптуу абал жаралса согушуунун ыкмалары үйрөтүлмөкчү. Андан соң эки тараптуу машыгуунун жыйынтыгы чыгарылмакчы.

Зыйнат Ибрайимова, Ош

29.03.2013, №12

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...