Акыркы макалалар

Эксперт Б.Мамбетов: «Быйыл Кытайдан келген товарларга өзгөчө көңүл бурулуп, катуу көзөмөлгө алынат”

Быйыл Кытайдан келген товарларга өзгөчө көңүл бурулуп, катуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу коомдук ишмер Базарбай Мамбетов билдирди. Анын айтымында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) толук мүчө болуп киргенде Кытайдан келген товарлардын саны бир топ эсе азаят. Бирок, биримдиктин шарты боюнча үчүнчү өлкөдөн товарларды кабыл алууга уруксат берилет. Ал үчүн атайын тартип кабыл алынат.

“Быйыл Кытайдан келген товарларга өзгөчө көңүл бурулуп, катуу көзөмөлгө алынып жатат. Мурда бизге Кытайдан көп сандагы начар сапаттагы, арзан баадагы товарлар көп келчү. Ал товарларды биз Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстанга жөнөтүп турчубуз. Бүгүнкү күнү Бажы биримдигине киребиз дегенден тарта, талапка ылайык ал мамлекет дагы сапатсыз товарларды кыскартып баштады. Демек, алар сандан сапатка өтүүнү туура көрүп жатат. Кыргызстан бажы биримдигине толук киргенде Кытайдан сапаты жогору болгон товарларды гана киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, атайын алым төлөнөт”,-деп айтты Б.Мамбетов.

“Ошондой эле Кытайдан келген товарлардын азайышы эң ири деп саналган Дордой, Кара-Суу базарларындагы сатуучуларга кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Себеби, сапаттуу товарларды сатып түгөтүү кыйынчылык жаратат. Кымбат баада товарлары өтпөй калат деп кооптонушат. Ал эми сапаты начар товарларды арзан баада сатуу жеңил жана тез эле өтүп кетет. Азыркы убакта кытайдан келген товарлардын көлөмүнүн азайышы дагы сапат маселесине байланыштуу болушу ыктымал”,-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, ММКда Кытайдан Кыргызстанга келип жаткан товарлардын көлөмү быйыл дээрлик 40 пайызга азайды. Муну Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушунун таасири экендиги айтылган.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...