Акыркы макалалар

Кайтчу асылыбыз кайсыл?

Кайтчу асылыбыз кайсыл?

Геосаясый оюндар күчөп, ар бир ири актёр өзүнүн оюнун бизге таңуулап турган чак. “Асыл асылына кайтат” деген сөз бар. Орустун акыркы көрүнүктүү философу Зиновьевдин да “Эгер кийин келген нерселер элдин маданиятынын асыл пайдубалына таасир бере албаса, эл анын үстүнө курулган нерселерди уратып, кайра пайдубалдан баштайт” деген маанидеги сөзү бар. Биздин асылыбыз, чыныгы пайдубалыбыз эмне эле?

Дүйнө элин караңгылыкка, эгоизмдин тар капасына камагысы келгендердин аракеттерине карабастан илгерилөө мүмкүн сыяктуу. Өзүбүзгө жарашпаган, ата-бабабызды иренжиткен мындай нерселерди алардын аркасынан кайталоонун, алар колдонгон тил жана ыкманы колдонуунун кереги жок. Мындай сыпаттар бизге жукпайт, жарашпайт дагы. Акылман айткандай, “Башкалар жааларына уулуу жебелерди кере баштаганда, силер гүлдүү жебелер менен даяр болгула. Анткени сени душман көргөн, эртең ал балким сенин досуңа айланат”.

Кыска мөөнөттүү максаттар үчүн башчыларыбыз баштап элди бөлүп жаруучу сөз, аракеттерге өткөн кезде, жиктерге айрылып бара жаткан биримдикти бекемдөө балким чейрек кылым алышы мүмкүн. Илим, технология берген мүмкүнчүлүктөр “кошумча эффект” катары өзү менен бирге ар бирибизде менменсинүү сезимин күчөтүүдө. Ар бир адамдын менменсинүүсү буга чейин бир томурум муз сымал болсо, азыр айсберг абалына келүү потенциалына ээ. Билгенибиздей, айсбергдердин эриши жылдарды талап кылат.

XX кылымдагы түрк ойчулу Нежип Фазыл бул заманды эгоизм, эгоцентризм, нарцисцизм заманы деп аныктаган. Кыргызчасы менменсинүү, эгосун дүйнө өзөгүнө айлантуу, өзүнө суктанып сыймыктануу десек туура болот го. Учурда “селфи” сүрөт ыкмасы балким ушул сезимдердин практикага ашканынын эң жөнөкөй мисалыдыр. Ошондуктан мындай сезимге алдырган адамдарга өз тилинде жооп бере баштасак, коомдук жашоонун бардык тармагында кызыл-кыргын башталат. Жиктерге айрылуулар уланып кете берет. Жараткан “Кудайга ишенгендер – бир-тууган” деп айткан, “кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” ата-бабаларыбыз буга ыраазы болбойт. Асылыбызга кайтмайынча башка бирине кызыктуу болуп, аларга бир нерсе түшүндүрүү мүмкүндүгүнө ээ боло албайбыз.

Манас бабабыздын кең пейилдиги, жоомарттыгы кээ бир жаштарыбыздын көңүлүндө кайра орун таба баштаганда “эмнеден кайра болбосун” деп ойлоп кетет экенсиң. Кыбыланын төрт тарабы кыргыз кыз-жигитине кайра ачылып жаткан кезде бул кайра мүмкүн болчудай көрүнө баштады.

Манас бабабыздай болуп, өз эмес, өзгө элди бириктирген деңгээлге качан жетебиз? Сырттан, башка улуттун көзү менен караганда биз өз кыздарыбызды сабап, басынткан, тергөө-сотто жаранды тоноп, жылаңач калтырган, саясатта калыш үчүн бири-бирибизди соодалап саткан элбиз. Кызыл-тазыл нерселер ар жерде кубулуп, көңүлдү ала качып турган бул чакта Жараткан берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү эң негизги нерселерге бекем байлабасак, эң кичине иштин да аягына чыга албайбыз. Бул негизги нерселер кайсылар экенин өзүбүздүн эгоцентризмибизди ашып өтүп, “эскилик” деп жерип аткан, ата-бабабыз бекем кармап, эпос-дастандарыбыздын өзөгү кылып, каада-салтыбыз, үрп-адаттарыбыз менен кооздогон салттуу Ислам динибизге кайтып келмейинче мүмкүн эмес. Ойчул, кең пейил жана эр жүрөк ата-бабаларыбыз эмнеге бул динди бекем кармап, бороонду күндөрдө “ак ийилет, бирок сынбайт” деп көзүнүн карегиндей сактап келгенин түшүнмөйүнчө биз өзүбүз эч качан бириге албайбыз. Башка улуттарга да тынч, коопсуз коргон болуп бере албайбыз.

Жакшылык менен жамандык

Жаз маалы күчкө кирген кезде чоң ата небереси менен отоо чөптөрдү отоп жатышты. Капыстан небере сурап калды:

- Чоң ата, биз айдабаган отоо чөп эмнеге көбөйүп кеткен. Атайын отургузган жемиштерибиз болсо, дайыма өсө албай кыйналып, эмнеге мынча колубузду кармайт?

- Айланайын, күчүгүм десе, сен баамчылдыгың менен сонун ачылыш кылбадыңбы. Бардык баалуу жана маанилүү нерселер дайыма эмгек жана убакытты талап кылат. Пайдасыз, зыяндуу нерселер болсо, өзү эле өсүп чыга берет. Ошону үчүн ата-бабабыз “Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бар паста” деп айтышкан.

Жакшылык күтүү

Убагында бир шакирт устатынан минтип сураптыр:

- Жакшылыкты качанкыга чейин күтөбүз?

- Күтүү менен гана алек болсок, көпкө күтүп калабыз го.

Манастан үзүндү

Маңдайыма келгенди,

Башка салса көрөйүн.

Тирүү колго түшкөнчө,

Кармашып жатып өлөйүн!

Ээрчиткеним кырк чоро,

Энем бирге ошондо.

Бура тартып булакка,

Колду сууга салгамын.

Кол дааратты алгамын,

Бутту сууга салгамын,

Бут дааратты алгамын.

Тулпарды оңдоп токуштук,

Өлгөнгө ыйман берсин - деп,

Тирүүлөй куран окуштук.

...Карап туруп Алмамбет

Кан Манаска кайгырып,

Каңырыгы бек түтөп,

Ителгидей эки көз

Ирмебестен жаш алып,

Кайра карап Алмамбет

Жашып турду коңгурап:

«Ысылам журттун коргону

Досум Манас барында,

Эче-эче кыйынга

Жол саламын дечү элем.

Кытай эмес, кылымга,

Кол саламын дечү элем!

Кубангандан курган жан,

Көңүл кайнап толгонбу!

Ошол оюм кокустан,

Өзүмө кесир болгонбу!

Кылчайбай жоого киргенде,

Кырааным Манас турганда,

Беттешкенди жечү элем.

Береним Манас барында,

Өлүм жок мага дечү элем!

Кыясы кымбат жер болсо,

А түгүл агып кеткен сел болсо,

Кыстап келген кол болсо,

Алдымда Манас барында

Асман менен кара жер

Чаң чыгарам дечү элем.

Канча кыйын болсо да,

Чаңга аралаш салышып,

Кан чыгарам дечү элем».

«Бүгүн көргөн эртең жок,

Ушундай бетпак алдамчы,

Опосуз жалган дүйнө - чок!»

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...